Акыркы кырдаалда элет жериндеги айымдардын түйшүктөрү көбөйдү

2 Июль 2020 жыл 9:24
Количество просмотров: 45

Элет жериндеги аялдардын түйшүктөрү бир кыйла оор. Алар таӊ эрте туруп күнүмдүк жашоодогу жумуш менен алектене башташат. Аялзаты болгондон кийин көпчүлүк оокат алардын мойнунда. Пандемия учурунда жумушунун үстүнө дагы жумуш кошулганын айымдар кулак кагыш кылууда.

Өлкөгө карантин киргизилгенден бери алардын жумушу эки эсеге көбөйгөн. Анткени үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үйдө отуруп калышкан. Күн кечке тамак жасоо, идиш-аяк, кир жууп, үй жыйноо менен алек. Балдардын сабактарына да көзөмөл кылуу жумуштары кошулду дейт айыл тургуну Майрамкүл Сааданбекова.

Айыл тургуну Майрамкүл Сааданбекова

“Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин болгондон баштап аял затынын түйшүгү көбөйдү. Кечке үй оокат менен алек болуп, балдарга да көз салып, тамак да жасоого үлгүрүш керек болду. Мындан тышкары азыркы заманда ар бир үй-бүлөдө кредит деген балекет бар. Аны дагы төгүш керек. Жумуштардын баары токтоп, эч ким иштебеген учурда ага акча да табуу кыйынчылык жаратты. Кредитке акча табуу үчүн аялдар колдорунан келген бардык кара жумуштарды жалданып жасап жатышканын билем. Эркектерге жумуш жоктугунун айынан аялдар иштөөгө туура келди”.

Бул убакка чейин эле кээ бир айымдар кара жумуш иштеп күнүмдүк тамак-ашын таап жашап келишкен. Карантинде бардык ишканалар жабылып тамак-аш, дары-дармектердин кымбатташы да түйшүк жаратты. Баардык эле үй-бүлөдө айымдарды кордоп келишет дегенден алыспыз. Себеби үй-бүлөдө аял затын аздектеп, сыйлап келген мырзаларыбыз да көп. Аялзатынын үй шартындагы түйшүгү оор экенин түшүнүп, ага ар дайым жардам берип келген бактылуу үй-бүлөнүн ээси Курманбек Орчумбаев буларга токтоло кетти.

“Мен кичинемден эле эжелериме, карындаштарыма жардам берип келгем. Ар дайым аял затын бийик тутам. Себеби аял затынын түйшүгү абдан оор. Үй оокаттарды жасоо, тамак-аш даярдоо, кир жууп, нан салып, балдарды да кароо милдеттери бар. Баардык эле жумуштарды алардын мойнуна үйүп коюуга болбойт. Үй-бүлөдө көйгөй жаралса чогуу отуруп чечүү, кем карчыларыӊды биргеликте кеӊешип таап келүү менимче жакшы чечим деп эсептейм. Аял затын ар дайым ыйлап келсеӊ, сенин даражаӊ ошончолук көтөрүлөт деп эсептейм. Бекеринен айтылбаса керек “бейиш эненин таманынын алдында”,-деп. Ошондуктан аял затын сыйлоо керек”.

Карантин учурунда уй-бүлөлөрдө аялдарга да зордук-зомбулук күч алды. Бул учурда балдары менен көчөдө калган айымдардын саны да бир кыйла арбыды. Аял заты ар дайым чыдамкай, оор басырыктуу болушат. Ал да болсо ата-эненин жакшы тарбия берүусүнөн деп эсептешет. Себеби аял заты карантин учурундагы зордук-зомбулуктун кесепетинен өз өмүрүнө кол салган айымдар да жок эмес. Covid-19 учуру айымдардын жашоосуна аябай кыйынчылык жаратканын гендердик эксперт Римма Султанова билдирди.

Гендердик серепчи Римма Султанова

“Өлкөбүзгө келген пандемия учурунда стереотиптик көз караштар басым жасады. Кызга кырк үйдөн тыюу,-деп кыздарды тарбиялап келебиз бирок, бул да туура эмес. Мунун себеби аял затын караӊгылыкка тарбиялап жатабыз. Ар бир аял заты кыздарыбызды турмушка бергичекте ачык болууга, ситуатцияны учурунда чогуу чечүүгө үйрөтүүбүз зарылдык бар. Бизде азыр аялдар үчүн бардык мыйзамдар иштеп жатат. Керек болгон учурда ага кайрылууну да үйрөнүшүбүз керек”.

Пандемия башталгандан бери элеттик айымдардын турмушу кандай тп жаткандыгы тууралуу окуңуздар:

Аудио: Карантин учурунда кош бойлуу аялдардын абалын ким көзөмөлдөдү 

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь