Мектеп окуучулары: онлайн окуган бизге жаккан жок

1 Июль 2020 жыл 19:09
Количество просмотров: 74

Коронавирус илдетине байланыштуу ѳлкѳгѳ карантин жарыяланып, жогорку окуу жайлар жана мектептер аралыктан окутулуп, окуучулар онлайн билим алышты. Онлайн окутуулар кандай болгондугу тууралуу мектеп окуучуларынан сурап билдик.

Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Мумина Молонова телевизордо кѳрсѳткѳн сабактарга анча түшүнбѳгѳндүгүн айтты:

Мумина Молонова, 3-класс

«Баластандан сабактарды кѳрүп аттым бирок мектепте эле окуган жакшы экен себеби эжеке доскага жазып түшүндүрүп берет эле. Онлайн окуганда эжеке кѳп тапшырма берет экен мектепте аз берчү», -дейт Мумина.

Жапар Нышанов мектебинин 4-классынын окуучусу Алимбек Султаналиев: «Кыргыз-тил, математика, адабий окуу жана башка сабактардын баарын онлайн окудук. Телевизордон сабактарды кѳрүп аттым мен үчүн түшүнүктүү эле болду»,-деп билдирди.

Алимбек Султаналиев, 4-класс

5-класстын окуучусу Назбийке Асанова мектепте классташтары менен чогуу окугусу келгенин билдирди: «Үйдѳ мектептегидей кызыктуу болбойт экен. Мугалим жаныңда болсо түшүнүктүү кылып түшүндүрѳт эле»

Назбийке Асанова, 5-класс

Мадина Кудайберди кызы онлайн сабактар башында бираз кыйынчылык жартаканын акырындап кийинчерээк үйрѳнүп кеткенин бирок мектепте мугалим менен бетме-бет окуган жеткиликтүүрѳѳк болоорун билдирди.

Мадина Кудайберди кызы, 10-класс

Карантин бүтүрүүчүлѳргѳ бир топ кыйынчылык жаратканын мектеп бүтүрүүчүсү Тахмина Абдикарим кызы белгилей кетти.

Тахмина Абдикарим кызы, бүтүрүүчү

Анын айтымында: «Карантиндин бүтүрүүчүлѳргѳ терс таасири ѳтѳ кѳп болду. Биринчиден, жалпы республикалык тестке жакшы даярдана албай калдык. Мамлекеттик аттестациялоо, экзамен, бүтүрүүчү кечебиз болгон жок»,-дейт Тахмина.

Онлайн-бүтүрүүчү: Быйылкыдай мектепти бүтүрүүнү эч кимге каалабайм 

Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь