Акталаада жаш мугалимдер аралыктан тажрыйба алмашты

16 Ноябрь 2020 жыл 15:34
Количество просмотров: 56

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде иштеген жаш мугалимдер үчүн “Санарип жаш мугалим коомдун жаркын келечеги” аттуу окуу өткөрүлдү.

Жаш мугалимдердин презентациялары

Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Чынар Сатындиеванын берген маалыматына караганда жаш мугалимдер менен ZOOM тиркемеси аркылуу онлайн жолугушуп, ар кандай методикалык жардамдар берилди.

Жаш мугалимдер онлайн жолугушууда

Чынар Сатындиева (солдон биринчи) Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинеттин башчысы

“Жаш мугалимдер баары бири-биринен өзгөчөлөнүп турушат. Алардын ой жүгүртүүсү, сабак өтүү ыкмалары дагы заманбап. Албетте, мектептеги тажрыйбалуу мугалимдерден дагы көп нерсе үйрөнө алышат. Бирок ошо көпчүлүктүн шарында билинбей калбасын деп, аралыктан окуу өттүк. Аларга мотивация берүү, чыгармачылыгын арттыруу, тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү негизги максатыбыз болчу. Өздөрүн тааныштыруу тапшырмасын көрүп отуруп, жаш мугалимдердин күчтүү, таланттуу экенин байкоого болот”,- дейт.

Жаш мугалимдер эмгектееген мектебин презентациялашты

Жаштардын бири-бирине атаандаштыгы, өз чеберчилигин, билимин көрсөтүүгө аракеттери күч экенин кошумчалады.

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуган окуучулар сынакка катышып, алардын ичинен жети окуучу «Кыргызстандын мыкты окуучусу» деп табылды.

 

 

 Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь