Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жаңы тез жардам машиналары келди

15 Ноябрь 2020 жыл 19:28
Количество просмотров: 52

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында пандемия учурунда айылдагы жаштар тарабынан «Үч-Коргон жардам штабы» уюштурулду. Бул штабка чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар жана айыл жашоочулары өз салымын кошту. Чогулган акчага Үч-Коргон ЦОВПга кислород концентраторлору, беткаптар, электрондук термометрлер алынып берилди.

   

Уч-Коргон ЦОВПнин башкы врачы жана штабдын уюштуруучулары

Калган чогулткан акчаларга Корея республикасынан 2 тез жардам машынасын сатып алып келинди. Машиналардын жалпы суммасы 20 000 АКШ доллары. Унаанын бирөөсү Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан сатып алынган. Машинага жалпысы 1 200 000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Экинчи машинаны элдик штабынан каржыланган.

         

Алынып келинген тез жардам унаалары

 

Тез жардам машиналары 26- октябрь күнү жергиликтүү бийлик, аксакалдар жана жардам штабынын уюштуруучулары менен биргеликте Үч-Коргон ЦОВПсына тапшырылды.

 

Дилрабо Мамаджанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь