Элеттеги кары-картаңдар камкордукка муктаж

16 Ноябрь 2020 жыл 15:41
Количество просмотров: 61

Ак-Талаадагы Баетов айылынын тургуну Бүбүалыйман апа учурда 77 жашта. Айылдык мектепте 10-класста окуган небереси Алина экөө жашайт. 1-топтогу майып. Небересинин айтымында оң көзүнө жасалган операция жакшы жыйынтык бербей, залакасы экинчи көзүнө да тийип, кийин экөө тең көрбөй калган. Пандемия учурунда санитардык эрежелерди сактап эч жакка деле чыкпаганын айтат.

Бүбүалыйман Төбөева Баетов айылынын тургуну

“Көзүм көрбөсө кайда барат элем. Бирок мурда короодо бир аз отуруп, кошуна-колоң менен кобурашчу элем. Кудайга шүгүр неберем экөөбүз тең ооруган жокпуз. Улам бири келип жардам берип, ун-майдан өксүгөн жокпуз. Жакшы эле жардам беришти”,- дейт.

Ал эми кышка карата камылгасын сураганыбызда небереси Алина өкмөттөн бекер көмүр таратып жаткан кезде шаарда таенесин доктурга көрсөтүп жургөнүн айтты.

“Апамды-таенемди көзүн көрсөтүп больницадан келгиче көмүр түгөнүп, майдасы калыптыр. Соцкызматкер Айпери эже жакынкы аралыкта түшүрүп беребиз деди. Кечээ келип эшиктин алдындагы бакты кыйдырып, отун кылып жарып берип кетишти. Үйдүн терезелерин пластик терезеге алмаштырттым. Үйүбүз жылуу. Апам сыркоолоп калганда тез жардам чакырабыз. Бизди билишет да дароо келишет”.

Ал эми Токон Калиев жана Үмүт Кыдыралиева дагы Баетов айылында жашайт. Үмүт апа 70 жашта.

Үмүт Кыдыралиева Баетов айылынын тургуну

“Көзүмө эт өсүп кетип, операция жасатып келдим. Азыр бир аз көрүп калды. Абышкам болсо 80ге таяп калды. Күндө бир маал 2 челек суу алып келип берет. Өкмөт көмүр түшүрүп беребиз деди эле. Бирок түшө элек. Кышы бою эки тоннадан ашык көмүр жагабыз. Эч кимден, эч кандай жардам алган жокпуз. Же биздин жашообуздан кабары жокпу билбейм. Өкмөттөн бирөө келип ала жайда бир кара маска берип кеткен”.

Үмүт Кыдыралиева райондук оорукананын терапия бөлумүндө 40 жыл медайым болуп эмгектенип, пенсияга чыккан. Зарыл болгондо дарыгерлерге кайрылбайм. Анткени чакырсаң деле келбейт дейт.

Ал эми Баетов айылынын социалдык кызматкери Гүлзина Нураевага байланышканыбызда көмүр муктаж үй-бүлөлөргө толук тараталып бүтө электигин айтты.

84 жаштагы жалгыз бой карыянын пандемия убагындагы кубанычы тууралуу окуңуз
 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь