Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга, айыл тургундарынын жашоосуна жана ошондой эле билим берүү жаатына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өтүп, студенттерге, окуучуларга жана мугалимдерге бир топ кыйынчылыктарды жаратты.
Аралыктан окутууда эң көйгөйлүү маселердин бири болуп, окуучунун үйдө билим алуусуна ыңгайлуу шарт жок болгондугу. Кээ бирки үй-бүлөлөрдө теле сабакты көргөнгө телевизор жок болсо, кээ бирөөсүндө телефон жетишсиз. Ал эми айыл жергесинде интернеттин начардыгы да окуучуларды түйшөлттү.
2020-жыл, тагыраак айтканда пандемия мугалимдерге жана мектеп окуучуларына кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу Жапар Нышанов орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Болдукыз Кудайбердиева менен маек курдук. Бул подкастты төмөндө уга аласыз:
Аймончок Кожонова