Суусамыр айылдык ооруканада илдетти жуктуруп алгандар дарыланууда

16 Январь 2021 жыл 19:22
Количество просмотров: 59

Пандемия башталгандан бери Суусамыр айыл аймагында 176 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен 18 жашка толо элек балдардан 1  адам дарыланып чыккан. Учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу айылдык оорукананын врач ординатору Керемет Жакутбекова түз эфирде айтып берди.

Керемет Жакутбекова- Айылдык оорукананын врач ординатору

-Суусамыр айылдык ооруканасындагы азыркы эпидемиологиялык абал кандай болуп жатат?
-Бүткүл дүйнө элине келген оору менен Суусамыр айылдык ооруканасы дагы активдүү түрдө күрөшүп жатабыз. Азыр ооруканада абал туруктуу. Дагы деле илдеттин илеби кайта элек. Азыр ооруканада 11 бейтап жатат. Алардын ичинен 4 адам пневмония менен 7 киши коронавирусту жуктуруп алгандар. Жалпы Суусамыр айылдык ооруканасы беш айылдын тургундарын тейлейт. Оорулуулар ушул айылдардан болуп жатат. Жалпысынан эпидемиологиялык абал канааттандырарлык.
-Ооруканада дары-дармек жагы жетиштүүбү?
-Пандемия шартында Суусамыр эли ооруканабызга көптөгөн жардамдарды беришти. Элибизге терең ыраазычылык айтам. Дары-дармек жагы жетиштүү, бирок бир гана Амикацин дарысы жок болуп жатат. Оорулуулар бекер дарыланышат. Болгону жок даарыны сатып келишет.
-Кандай көйгөйлөр болуп жатат?
-Азыркы учурда курч деле көйгөй маселе жок. Баары эле жетиштүү.
-Коронавирус менен ооруган балдар болдубу?
-Жалпысынан жашы 18 жашка чыга электерден 1 бала жаткан. Дарыланып сакайып чыкты.
-Пандемия башталгандан бери статистиканы айтып кетсеңиз?
-Суусамыр өрөөнү боюнча 176 оорулуу катталган. Анын ичинен 59 адам Суусамыр айылынан. Ал эми калганы коңшу айылдардан.
-Кыш мезгили болгондуктан сасык тумоо менен ооругандар барбы?
-Ооба болуп жатат. Алар көбүнчөсү үйлөрүнөн дарыланып жатышат.
-Медицина кызматкерлеринин арасында ооруну жуктуруп алгандар болдубу?
-Ооба ооруну жуктуруп алгандар 25% ды түздү.
-Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатабы?
-Ооба, биздин ооруканага сасык тумоого каршы гриппол вакцинасы келген. Каалоочуларга эмдөө жүрүп жатат. Жалпы элибизди сасык тумоого каршы вакцинаны алыңыздар демекчимин. Эч кандай терс жактары жок. Каалоочуларга бекер сайылат. Үч жаштан жогоркуларга.
-Кандай каршы көрсөтмөлөрү бар?
-Жумурткага аллергиясы барларга жана учурда сасык тумоо менен ооруп жаткандарга болбойт.
-Иммунитетти көтөрүү үчүн кандай кеңеш бересиз?
-Туура тамактануу, таза абада сейилдөө,кыймыл аракет болуш керек.
-Кандай кеңештерди бересиз?
-Азыр деле оору жок болуп кете элек. Ошондуктан, эл көп чогулган жерлерден оолак болуп, бет кап менен жүрүп, жугушсуздандыруучу каражаттарды колдонуш керек. Тазалыкты сактап, колду дайыма самындап жууп туруу зарыл.
-Маегиңизге чооң рахмат. Ишиңизге ийгилик. Ден-соолукта болуңуз.
-Сиздерге да рахмат. Ишиңерде ийгиликтер болсун. Элибиз оорубасын.

 

 

Азиза Тамчиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь