Мугалим: «Онлайн форматтагы окууга биз көнгөн эмеспиз»

29 Январь 2021 жыл 18:05
Количество просмотров: 118

Пандемия башталган март айынан бери мектептер карантинге жабылып, окуучулар онлайн форматтагы окууга өтүшкөн. Онлайн окуунун мугалимдер жана окуучулар үчүн кандай болгондугун түз эфирде талкууладык.

Кадырбек Конушбаев атындагы  Суусамыр орто мектебинин география мугалими Самат Аргымбаев түз эфирде конокто болду.

Самат Аргымбаев- К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин география мугалими

 

-Саламатсызбы. Эфирге кош келипсиз. Онлайн окуунун башында билим берүү башкармалыгынан  мугалимдерге  кандай көрсөтмөлөр окуутулар болдубу?

-Албетте, билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдерге онлайн формат аркылуу тиркемелер жиберилип,кандай типте кандай форматта окутушубузду эмнени эске алышыбыз керек экендигин телефон аркылуу маалыматтарды берип турушту.Биз ошолорду өз убагында аткарганга аракет кылдык.Ошондуктан талаптагыдай иштедик десем болот.Биз үчүн биринчи орунда окуучулардын ден соолугу маанилүү болду.Ошондуктан баардыгына көнүп, балдарга билим берүүгө аракет кылдык.

-Онлайн форматындагы окуу мугалимдер үчүн кандай болду?

-Мугалимдер ,окуучулар дагы салттуу  окууга  көнүп калгандыктан башында көптөгөн кыйынчылыктар болду.Бирок аны окуучулар менен биргеликте жеңдик деп ойлойм.Окуучуларда башында телефон, техникалар жетишпегендиктен  кыйынчылыктар болуп жатты.Акырындык менен мугалимдер,окуучулар дагы кайтарым байланышка көнүп иштешип баштадык.Ата-энелер дагы окуучуларды керектүү техникалар менен камсыз кылып беришти.Акырындык менен өз нугуна түштү.Мугалимдер ваттсап, зуум тиркемелери аркылуу окуучулар менен тапшырмаларын беришип, кайтарым байланыш түзүп жатышты.Окуучулардын билим алышы үчүн колубуздан келишинче аракетибизди кылдык.

-Дагы кандай кыйынчылыктар болду?

-Биз негизи онлайн форматтагы окууга көнгөн эмеспиз. Ошондуктан  башында мугалимдер үчүн дагы окуучулар үчүн дагы кыйын болду. Окуучуларга телефондору жетишсиз болуп жатты. Графиктерибиз да алмашып калып, окуучулар тапшырмаларды убагында жибере албай калган учурлар көп болду. Бирок бара-бара баардыгына көнүп, өз нугу менен иш алып барып жаттык. Окуучулар да колдорунан келишинче кайтарым байланышка чыкканга аракет кылып келишти. Окуучуларга терең ыраазычылык өздөрүнүн окууга болгон умтулуусун милдеттерин так аткарышып, көп убакыт өтпөй эле мугалим менен пикир алмашуусу көз караштары бирдей болгондуктан, онлайн форматтагы окуу алгылыктуу ишке айланып кетти.

-Онлайн окуу окуучуларга кызыктуу болдубу кандай кабыл алышты?

-Азыркы кундө жалпы адамзат уюлдук телефонсуз интернетсиз жашообузду элестете албай калдык. Бардык маалыматты интернет булактарынан алабыз.Ошол себептен окуучулар башында кызыгуу менен эле кабыл алышты.Онлайн окуу кандай форматта өтүлөт болду экен деп кызыгып жатышты.

-Азыркы учурда онлайн окуп жаткан окуучулар барбы?

-Ооба ар кандай себептер менен мектепке келе албай жаткан окуучулар дагы деле онлайн форматтагы окууну улантып жатышат. Бирок аз санда.

-Онлайн окуу менен салттуу окуунун айырмасы барбы?

-Албетте, мугалимдердин окуучулар менен баарлашып мектепке келип билим берүүсүнө эч нерсе жетпейт. Онлайн окуу бул айласыздан пандемия убагында окуучулардын билим алуусу үзгүлтүк болбошу үчүн гана иштелип чыкты. Ошондуктан, салттуу билим берүүнүн пайдасы өзгөчө. Мектептин өзүнүн аурасы бар окуучулар менен мугалимдер үчүн дагы. Мындан ары салттуу билим берүүнүн токтобошун каалайт элем.

-Онлайн окутуу канчалык деңгээлде жүзөгө ашты деп ойлойсуз?

-Онлайн форматтагы окуу бардык мугалимдер жамааты колдон келишинче окуучулардын билим алуусуна аракет кылып жаттык. Онлайн окууну биз иш жүзүндө көрдүк. Менин оюмча биз бардык нерсеге даяр турушубуз керек экен. Себеби, адам баласы ойлогондой болбойт экен. Бул биз үчүн берилген сыноо болду. Биз мугалимдер окуучулардын баркын билдик, окуучулар агай-эжелеринин баркын билишти. Кесип ээлери өз милдеттерин мүмкүнчүлүгүнө жараша так аткарганга аракет кылышты. Окуучулар дагы колдорунан келишинче билим алууга умтулуп жатышты. Биздин Суусамыр өрөөнү боюнча онлайн билим беруу жакшы эле деңгээлде болдуго деп ойлойм. Окуучуларга толук 100%га билим бере албасак дагы, 70% дык билим ала алышты.

-Маегиңизге чооң рахмат.Ишиңизге ийгилик.

 

Азиза Тамчиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь