Карантинде өлкөбүздө миңдеген адамдар жумушсуз калды. Күндөлүк тиричилик токтоп, бир кыйла кыйынчылыктар пайда болду. Карантиндин жалгыз бой энелерге тийгизген таасири тууралуу макаланы төмөндөн окуй аласыздар
Бүгүнкү биздин каарманыбыз 29 жаштагы 2 баланын мээримдүү, сүйүктүү апасы Айкөкүл Кадырбекова болмокчу. Айкөкүл айым жалгыз бой аял болгондуктан, COVID-19 вирусу ага кандай таасир тийгизгенин, карантин кандай өткөндүгү жана жеке жашоосу тууралуу айтып берди
“Мен кичине кезимде мугалим болууну кыялданчумун. Кийин ойдо жок жерден эле троллейбус айдаганды үйрөнүп, айдап калдым. Учурда Бишкек шаарындагы коомдук транспортту айдап эмгектенем. Кудайга шүгүр 2 балам бар. Үй-бүлө, бала-чаканы багуу чоң түйшүк. Ал эми бул милдеттерди жалгыз аткаруу бир кыйла кыйынга турат. Эгер жалгыз бой аялдар материалдык жактан жакшы болсо дагы, моралдык жактан аксоосу толук мүмкүн. Мисалы, баланы тарбиялоодо атанын дагы эненин дагы аткарган ролу бирдей болушу керек. Жалгыз бой эне баласына канчалык мээримин төксө деле, атанын мээрими менен апанын мээрими эки башка болот экен. Ошентсе дагы, жалгыз бой ата-энелер баласына толук кандуу мээрим төгүүгө бардык күчүн жумшайт.
Биздин жумуш 24-мартта токтогон. Толук кандуу 2 ай үйдө болдук. Карантиндин алгачкы күндөрү жакшы өттү. Анткени, балдарым менен бирге убакыт өткөрдүм. Андан кийин чынында эле зээригип баштадык. Андан тышкары иштебей, материалдык жактан дагы кыйынчылыктар болуп жатты. Айла жок үйдө отурууга туура келди. 25-майда биздин жумуш кайрадан башталды. Санитардык кызматтарды так аткаруу менен троллейбус айдап баштадык. Билем, азыркы учурда бардык адамдарга эле кыйын абал болуп турат. Жумушсуздук бардык жерде бар. Ошентсе да жалгыз бой энелерге, үй-бүлөнү жалгыз баккан адамдарга кыйын болуп баратат. Бирок абал турукташып, бардыгы өз нугуна келет деген ишеничтемин. Ал эми азыркы учурдагы пандемия боюнча айта кетсем, жашообузга көп тоскоолдуктарды жаратты. Адамдардын ден-соолугуна чоң коркунуч келтирди. Башында мен дагы бул вируска көп ишенген эмесмин. Кыргызстанга бул оору келгенден кийин, вирустун биздин жашообузга канчалык кооптуу экенин түшүндүм. Бардык санитардык нормаларды так аткарып, күчтүү тамактарды жеп, дарыгер айткан кенештерди туура аткарсак бул ооруну жеңебиз деген ойдомун.»
Карантин учурунда гүлдөрүнө өзгөчө маани берген чоң эне
Перизат Таштанова