Айылдагы аялдардын илдетке байланыштуу ой- санаасы көбөйдү

2 Июль 2020 жыл 12:13
Количество просмотров: 88

«Эч ким иштебесе, тамак ашыбыз, балдарыбыз эмне болот. Дарыканалар, азык-түлүк сатуучулар, банктар эле иштейт десе, кредити барлар кантип төлөйт»,- деп санаага баткан Түп районунун Тасма айылындагы элеттик айымдар менен маек курдук.

Айымдар кышкы мезгилге даярдык кылып отун камдап жаткан учур

Азыркы кырдаалга байланыштуу адамдардын бардыгы үйдөн чыкпай калышты. Карантинде үйдөн чыкпай отуруп тажаган айылдын мугалими Үмүт Бейшембиева төмөнкүлөргө токтолду:

«Карантин боло электе эшикте эле жүрчүбүз. Күтүлбөстөн бул оору чыкты. Карантинде жаңы төрөлгөн кызым бар, ошол менен алектендим. Эл катары эч жакка чыккан жокпуз. Карантин чыкканда мен стресс алдым, чынында, катуу стресс алдым бүт нерсе токтоп калчудай сезилди. Мен үчүн аябай оор болду башкаларга кандай сезилди билбейм. Балдар мектепте окуганы жакшы болчу».

Үмүт Бейшембиева- Асан Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими

Айыл тургуну Завира Атантаеванын айтуусунда:

«Бизде карантин өтө жакшы өткөн жок. Себеби, эл менен аралашпай, кошуналар менен киришип- чыгышпай калат экенбиз. Бул илдет башталганда корктук. Анткени, балдарыбыздын келечеги жөнүндө көп ойлондум. Эч ким иштебесе, тамак ашыбыз, балдарыбыз эмне болот деп. Дарыканалар, азык-түлүк сатуучулар, банктар эле иштейт десе, кредити барлар кантип төлөйт деп аны ойлодук. Карантинде көп оокат кыла албай, кошуналар менен киришип- чыгышып сүйлөшпөй калдык. Кудайга шүгүр азыр баары жакшы»,- дейт айыл тургуну.

Айыл тургуну Мимоза Медетова карантин учурундагы күндөрүн бөлүшө кетти:

«Мурдагыдай эле мурун карантин баштала электе деле үйдө болчубуз. Адамдар баары эле кыйналышты болуш керек. Мен болсо кыйналган жокмун мурдагыдай эле жүрдүм күнүмдүк жумуш менен алек болдум, эч нерсе деле сезилген жок. Жаш келиндердин жашоосу үйдө олтуруп өзгөрдү деп ойлойм. Балдар албетте, түйшүк жаратты. Мектепте окуп жүргөндөрү жакшы болчу буюрса окуу жылы башталса, кайрадан окууга бара башташса экен»,- деп билдирди.

Айыл тургуну Жазгүл Каныбек кызынын билдирүүсүндө:

Жазгүл Каныбек кызы-Тасма айылынын тургуну

«Бизде карантин жакшы өттү десем болот. Карантинде үйдө эле болдук, эч жакка чыккан жокпуз. Карантин чыкканда коркуп жаттык, кийинчирээк көнүп деле калдык десем болот. Үйдө эле болдук балдарыбыз менен буттопогон жумуштарыбызды бүтүрдүк, балдардын үй тапшырмаларына көмөктөштүк. Көбүнчө, үй- бүлөбүз менен убакытыбызды өткөрдүк. Карантинге бул ооруга ишендик, себеби, ар кайсы тармактардан угуп, окуп аттык. Ооруган жокпуз. Баардыгы жакшы эле болду. Кээде эле башыбыз ооруп калганда баш оорунун дарысын ичип коюп аттык. Үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүлгөн жок. Кудайга шүгүр,»- деп өз оюн билдирип өттү.

Алыскы айылдардагы айымдардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр жана кыйынчылыктар болду? Бул тууралуу шилтемеден окуңуз. Акыркы кырдаалда элет жериндеги айымдардын түйшүктөрү көбөйдү 

Гүлназ Жумагулова, Фатима Эсенканова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь