Сүрөтбаян: Ак-Талаага келген алгачкы жардамдар

10 Июль 2020 жыл 16:05
Количество просмотров: 112

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районуна ар кандай жардам берген жарандардын саны арбын. Алардын эн алгачкысы Женя Келгенбаева өз каражатынан 23миң сомго эң зарыл болгон дары-дармек, коргонуучу кийимдер, беткап алып берсе, Нурзат Абылгазиева дагы 500 даана, Нуржаасын Жумагулов 200 даана беткаптарды алып беришкен.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абдумалик Сулайманов жана «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Баялиев

Ошондой эле АРИС уюму дагы  антисептик каражаттар (54 даана 1литр),чөнтөк антисептиги (78даана), суюк самын (38 даана), атайын көз айнектер (83 даана), коргонуучу кийимдер (277 даана), СИЗ комплект (87 даана), беткап респиратор (182 даана)  колкап  (32 даана)  райондогу жалпы ГСВ,ФАПтарга берилди.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, жардамды кабыл алуу учуру

 

АРИС долбоорунун эксперти Асылбек уулу Жаныбек

Мындан сырткары,  Жеңиш Мурзакматов жана Мирбек Райымов тарабынан зарыл медициналык каражаттар алынып келинди. Маалыматтарга караганда Туркияга  кычкылтек концентраторуна буйрутма беришкен, жакын арада дарегине  жеткирилет.

Жеңиш Молдокматов

 

Мирбек Райымов   

 

Жардамга келген дары-дармектер

 

 

 

 

 

 

 

Ал эми учурунда Ак-Талаа райондук ооруканасында 45 жылдан ашык эмгектенген Шарип Ашырбаевдин үй-бүлөсүнүн атынан  бир кычкылтек концентратору менен бирге антисептик жана кир жуучу каражаттар берилди.

Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана Баетов айылынын тургуну, тиш дарыгери Өмүркул уулу Нарынбек ооруканага, күндүзгү дарылоо бөлүмүнө жана мобилдик топторго гигиеналык каражаттарды тапшырышты.

Жардамга берилген гигиеналык каражаттар

Ак-Талаада күндүзгү стационар иштеп баштады
Барчын Мамытбекова

Сүрөттөрдү тарткан:  Кубаныч Баялиев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь