Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Эрмек Жоробекова жетектеген “Бекнур” реаблитация борбору пандемияга карабай ишин улантып, борборго катталган балдардын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзүп келишет.
Жоктон бар кылып, бала бакчанын каралбай калган отканасын реаблитациялык борборго айланткан Эрмек Жоробекова менен баарлаштык.
— Борбордогу балдарды быйыл дагы Ысык-Көлгө алып барып келдиңизби?
— Ооба жыл сайын балдарды Ысык-Көлгө, Воронцовкага, дарыгерлерге алып барабыз. Быйыл пандемия деп жалкоолонуп жатып алсак балдардын ден соолугу эмне болот деп быйыл Ысык-Көлдө поляктардын “Светлучший” эс алуу жайына ата-энеси менен 10 баланы алып барып келдик. Ал жакта эл абдан аз болду. Балдар эс алып, күнгө кактанып, колу бутун кумга көөм, сууга түшүп эс алышты, ден соолуктары чыңалып, кадыресе көңүлдөрү өстү. күн ал жерде бекер эс алышат. Ак-суу районундагы “Ак-Суу” санаториясына оңой менен балдарды кабыл албайт экен. Ошол жердин врачы Байыш деген жакшы адам бар, ал жыл сайын 5 баланы ата-энеси менен бекер кабыл алып, дарылоо курсунан өткөрүп турат. “Эне жана бала” борборундагы врач Бабаджановдун бөлүмү балдарды жакшы кабыл алып, бизге чоң жардам берди. Воронцовкадагы балдар бөлүмү дагы балдарыбызды бекер кабыл алып, дарылап берет. “Максат” мамлекеттик реаблитациясы балдарды 3 ай бекер дарылады.
— Мамлекет тарабынан айлык албайсыздар, балдарды багуу үчүн кошумча чарбачылык кылсаңыздар керек?
— Ооба, 2 гектар жерибиз бар, ал жерге 2 бөлмөлүү үй салып койгонбуз.Тоок багабыз, жумурткасын балдарга беребиз. Саан уй алсак деп пландайбыз, эми ага каражат керек. Реаблитациялык борбордун жанындагы спорт залыбызды кеңейтели деп, быйыл пайдубалын куйдук.
Талас районунда союз учурунан бери мүмкүн чектелген балдарды реаблитациялоо үчүн имарат салынган эмес. Эрмек Жоробекованын аракети менен “Тайкүлүк” бала бакчасынын каралбай калган отканасын 49 жылга ижарага алышып, имараты кайрадан курап, оңдоп түзөп реаблитациялык балдар борбору кылышкан. Алгач ата-энелер өз ара акча чогултуп иш башташкан.
Кийин Голландиялык ыктыярчылардын жардамы менен ремонт иштери жасалган. 2005-жылы борбор ачылып, 2007-жылы толук кандуу иштей баштайт. Учурда борбордо ар кандай курактагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-кыздар тарбияланышат.
Тамак аш, азык-түлүктү элдер жардам түрүндө берип турушат, ата-энелер өздөрү каржылап, бири картошкасын берсе, дагы бири этин алып келет.
Реабилитациянын ачылганына быйыл 15 жыл толду. Мында 192 бала тарбияланат. Мугалимдерге, психолог педагог үчүн төлөй турган маяна жок болгондуктан ата-энелер ар кандай семинар, тренингдерге катышып, сертификат алышып өздөрү тарбиячы, психолог болуп калышкан.
Талас: Ак халатчандарга камкордук
Мира Сейдикеримова