Келерки жумада Акталаада салттуу окуу башталат

3 Декабрь 2020 жыл 12:22
Количество просмотров: 52

Келе жаткан жуманын башында Акталаада мектептерде салттуу окуу башталат. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

«Окутуу боюнча чечимди пандемиялык кырдаал боюнча райондук штаб кабыл алды. 7-декабрдан баштап райондогу 300гө жакын окуучусу бар 10 мектепте кадимкидей окуу процесси башталат. Ал эми 300дөн ашык окуучу окуган мектептерде экинчи алгоритм менен 1-5-9-11-класстар салттуу режимде окуп баштайт. Мектепте бардык санитардык эрежелердин сакталуусу көзөмөлдө болот жана аны ар бир мектеп жетекчи менен мугалим сактоого милдеттүү».

Окуучулардын саламаттыгын дарыгерлер көзөмөлдөйт

Антисептик каражаттар менен камсыз болот

Мектептерди антисептик каражаттар менен билим берүү бөлүмү, айыл өкмөттөр камсыз кылат. Демөөрчүлөрдүн дагы салымдары бар. Ошондой эле бала бакчаларда иштеген медайымдар мектепте окуучулардын саламаттыгын көзөмөлгө алат. Ал эми санитардык нормалар, окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик мектеп жетекчилигинде жана мугалимдерде болот.

Мектеп окуучуларынын олимпиадасы кырдаалга байланыштуу декабрда башталат
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь