Аделя Адисбекова 9-класстын окуучусу. Салттуу окутуу башталганда мектепке бет кап тагынып келе баштаган. Бирок белгисиз себептерден улам, жүзүнүн бет кап тагынган жерлери кызарып, жаралана баштаган.
“Респиратор маска тагынып жүргөм. Эртеси эле бетиме бир нерселер чыгып кетти. Бирок сабакка баары бир бет кап тагынып барып жаттым. 2-3 күндө дарыларды сүйкөп, маска жаап жатып, айыгып калды”,- дейт.
Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бокен Исамамбетованын айтканына караганда бет капты бат-бат алмаштырып туруу талапка ылайык.
“Эгерде дарыканаларда сатылган бет каптан аллергия болсо анда, бир нече жолу колдонгудай кылып, таза чыт кездемеден тигип алуу керек. Бир бет капты бир күн кечке тагынып жүрө бербестен, аны улам алмаштырып, колдонгонун улам жууп, тагынуу керек. Бирок баары бир дарыгерге кайрылып, кеңеш алуусу зарыл. Дарыгер көргөндөн кийин гана анын эмнеден аллергия болгонун аныктай алат”,- дейт.
Чүпүрөк беткап сovid-19 каршы канчалык эффективдүү?
Барчын Мамытбекова