Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтү райондун борборунан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан жана эки айылдан турат. Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарында жалпы 400 дөй түтүн, тактап айтканда, эки миңге жакын эл жашайт. Учурдагы кырдаалда айылда 21 орундуу күндүзгү стационар бар экендигине карабастан, 3 медайым бейтаптарга үйдөн да медициналык жардам көрсөтүшөт.
Медайым Нуржан Садыриеванын айтымында оорулуу бейтаптар айылдык дарыгерден, айрым учурда райондун борборуна барып, көрсөтмө алып келип, ошонун негизинде дарыланышат. “Биздин айылда дарыкана жок. Биринчи жардам көрсөтүүчү витаминдер, антивирустук дарылардын бизде запасы дайыма эле боло бербейт. Мен кээде райондун борборунан, Нарын шаарынан өз каражатыма сатып келем. Азыр кымбат болуп калды. Физрастворду 25 сомдон алчубуз. 35 сом болду. Зарыл болгондор кымбатына карабай сатып алышат. Эки айылдагы ооруган бейтаптарды үймө-үй кыдырып, көрсөтмөгө ылайык ийне саябыз, тамчылатма дары куябыз. Өзүм дагы бир аз сыркоолоп жаңы сакайдым” дейт.
Ал эми Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ильич Иманалиев : “Жергиликтүү бюджеттен 100 миң (жүз миң) сом каражат бөлүнүп, беткап, хлор, халат ж.б керектүү каражаттар алынып келинген. Дезинфекция иштери жүргүзүлгөн. Дагы бир аз каражатыбыз бар. Жагдайга жараша колдонобуз. Дарыкана маселеси сүйлөшүлгөн. Бирок фармацевт жок” деп айтып, айылдагы бала бакчага 8, мектепке 10 жана ФАПта 3 койка даярдалып, күндүзгү дарылоо жайы ачылганын кошумчалады.
Айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Назира Чыкын кызы:
«Биз райондун, облустун борборунан алыс жайгашкан, барууга шарты катаал айылдарга киребиз. Чынында айылда дары-дармектер кымбат. Бир дары алыш үчүн райондун борборуна баруу керек. Ал эми жол кире 300 сом. Же таң заарда туруп, жол тосуу керек. Дарыкана болсо жакшы болмок. Ошондой эле күндүзгү дарылоо бөлүмү ушу ачылган бойдон калса»,- деген оюн айтты.
Райондогу бейтаптар айылдагы ооруканага которулууда
Барчын Мамытбекова