Кыргызстанда карантин башталгандан бери мектеп окуучулар үйдөн чыкпай, карантин эрежелерин сактап, онлайн билим алышты. Бирок жаз башталгандан бери үйдөн чыкпаган балдар, карантин жакпаганын, мектепке барып, билим алууну каалап жаткандыктарын айтышты.
Суусамыр айылындагы мектеп окуучуларынан сурамжылоо жүргүзүп, мындай жоопторду алдык:
“Менин атым Арсен, карантин маалында үйдөн чыккан жокмун. Мектепти, классташтарымды, мугалимимди сагындым. Окуган эле жакшы экен. Мага карантин жаккан жок, анткени көчөгө чыгып досторум менен ойной алган жокмун. Көчөгө чыкпа деп үйдөгүлөрүм урушту.”
“Мага карантин жаккан жок, себеби мектепке бара алган жокмун, эжелерди, досторумду, мектепти сагындым. Коронавирустан сактануу эрежелерин билем. Үйдө болгондон аябай тажадым, бирок кызыктуу жомок китептерди эжекем окутуп жатты. Үйдөгүлөр болуп картошка тиктик. Азыр болсо досторум менен ойноп жатам.”
“Үйдө камалып кечке отурдум, андан көрө мектепке барсам кызыктуу болмок. Онлайн сабактарды окуган жаман экен. Апам досторум менен ойногонго жиберген жок, дүкөнгө жиберсе маска так деп урушуп жатты. Үйгө барганда колдорумду самындап жууп жаттым.”
“Карантинде үйдө болдум. Бул оору бат жугат экенда, ошондуктан колумду самындап жууп жатам. Кээде маска тагынып ат мингени көчөгө чыгып жаттым. Сабактарды телевизор аркылуу окуп, тапшырмаларды мугалимге жибердим.”
“Карантинде үйдөн чыкпай, вирустан сактануу эрежелерин аткарып жаттым. Жыйырма секунд колду самын менен жууп анан дагы көчөгө чыгаарда маска тагынып, аралыкты сакташ керек. Үйдөн жомок китептерди окуп, кызыктуу мультфилимдерди көрдүм. Мага карантин жаккан жок.”
Балдардын саламаттыгын билиш үчүн Суусамыр айылдык ооруканасынын балдар дарыгери Дилдекан Кулукеева менен байланышканыбызда буларды айтты:
“Карантин учурунда жаш балдардын кайрылуусу көп болду. Көбүнчө пневмония, бронхиальник, чоң балдар болсо тонзиллит менен ооруп жатышты. Ооруп келгендердин саны жыйырмадан ашык болуп жатты. Азыр болсо балдардын иммунитеттери жакшы болгондуктан абал туруктуу, сасык тумоо менен кайрылгандар аз санда эле , көбүнчө ичи өтүп кайрылуушуда.”
Аймактарда балдар карантин учурунда зомбулукка кабылдыбы?
Элизат Санжырбек кызы