Ак-Талаа районундагы эпидемиологиялык абал-дарыгерлер жетишсиз

16 Июль 2020 жыл 20:46
Количество просмотров: 194

Ак-Талаа районунда бүгүнкү күндө COVID-19 илдети менен 61, пневмония менен 43 жаран катталган.

Ак-Талаа райондук ооруканасы

 

Акимдин орун басары Кенже Карагулова

Акимдин орун басары Кенже Карагулованын берген маалыматына караганда COVID-19 жугузуп алгандардын ичинен 14 медицина кызматкери (5 дарыгер). Учурда райондук ооруканада күндө COVID-19 менен 8, пневмания менен ооруган 23 жаран дарыланууда. Ал эми COVID-19 илдети менен бир адам, пневмониядан бир адам каза болду.

Айбек Дадакбаев убактылуу колдонууга берген унаа

Район боюнча күндүзгү дарылоочу жайга 29 койка даярдалып, 3 тез жардам унаасы, дарыгерлерден турган эки топ иштеп жатат. Мындан сырткары айыл тургуну Айбек Дадакбаев эл ташуучу жеке унаасын убактылуу пайдаланууга берди. Ошондой эле күн-түнү, 24 саат бою иштей турган кошумча нөөмөт унаасы дагы уюштурулган.

Баетовдо уюшулган күндүзгү стационар

Кырдаалга байланыштуу сырттан келип эмгектенип жаткан дарыгерлер медреседе ачылган стационарда ооруган бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө беришүүдө. Райондук жетекчилик тарабынан дарыгерлерге тамак-ашы менен жатаканасы уюшурулуп берилген.

Айылдык дарыкана

Акимдин орун басары Кенже Карагулова: «Нарын облустук ооруканасынан да эки дарыгер келген. Бирок дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй боюнча кала берүүдө. Ал эми жергиликтүү дарыканаларда өздөрүнүн билдирмелери менен керектүу  дары-дарымектер келип жатат. Гепарин өңдүү дарылар чынында бизде эмес, Бишкекте дагы таңсык болууда»-дейт.

Күндүзгү дарылоочу жайга бир күндө жүз киши кайрылып жатат
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь