Covid-19 Жети-Өгүз районунда күч алууда

3 Август 2020 жыл 12:37
Количество просмотров: 35

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда абал оор. Жети-Өгүз райондук ооруканада азыркы күндө 150гө жакын адам дарыланып жатат. Ооруканада орун жок болгондугуна байланыштуу Жети-Өгүз туберкулездук санаторияга дагы жатып дарылануучу бөлүм ачылып, ал жакта 57 адам дарыланууда.

Мындан тышкары жер-жерлерде дагы күндүзгү дарылоо бөлүмдөрү ачылган.  Ооруган бейтаптардын арасында айыгып чыкандары да бар. Бирок, айыккан бейтаптардын саны күнүнө 7-8 адам болсо ал эми ооруп келгендердин саны эки эсеге көп болууда. Кумтөр тарабынан берилген 2 миллион 157 миӊ сомго ооруканаларга эӊ зарыл болгон медициналык жабдыктар алып берилгендигин Жети-Өгүз райондук мамлекеттин администрациясынын башчысы аким Мурат Раматов билдирди.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттин администрациясынын башчысы аким Мурат Раматов

 

Кумтөр Голд компаниясынан келген жардамдар

“Азыркы күндө жер-жерлерде өрүктүн, кокон гиластын, карагаттын акциялары башталгандыгына байланыштуу ар бир жарандан суранып кетет элем. Баарыӊыздар маска менен жүрүүӊүздөрдү, аралыкты сактоону. Эл көп чогулган жерден алыс болууӊуздарды жана куран окутуу өӊдүү нерселерди токтото турууӊуздарды. Мындан тышкары, өзүӊүздөрдүн аябай муктаждыктарыӊыздар болбосо үйдөн чыкпай турууӊуздарды да суранат элем. Бүгүнкү күндө паникага алдырбай, бири-бирибизди колдоо менен бул илдеттен биримдикте жеӊип чыгабыз деп ишенем”.
Илдеттин күч алып турган кезинде Жети-Өгүз районуна Бишкек шаарынан үч дарыгер жардамга келди. Андан тышкары, Россиядан келген дарыгерлер өз кеӊештерин берип жардам көрсөтүүдө.

Россиядан келген дарыгерлер

Бул илдеттен жайылуусун азайтуу, токтотуу үчүн райондун жашоочулары жалпы колдоо көрсөтүүдө. Айылдагы ГСВ, ФАПтарда ачылган күндүздү дарылоо бөлүмдөрүнө жаштар, жергиликтүү тургундар, мигранттар чоӊ салымдарын кошууда. Ар кандай акцияларды өткөрүү менен бирге ак халатчан дарыгерлерге дары-дармек, керектүү жабдыктарды жана тамак аштарын уюуштуруу менен жардам көрсөтүлүүдө.
Илдеттен бардык бейтаптар толугу менен айыгып үйлөрүнө кайтууда деп айтуу кыйын. Анткени бул илдеттин айынан жарык дүйнө менен кош айтышкандар да бар. Жакындарын жоготкон жердештерге тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

Элет жеринде эпидемиологиялык абал күч алууда
Акыркы кырдаалда элет жериндеги айымдардын түйшүктөрү көбөйдү

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь