Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга жана айыл тургундарынын турмушуна бир канча өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу көпчүлүк ишкерлердин, күнүмдүк иш менен жан баккан үй-бүлөлөрдүн жашоосу бир топ солгундай түшкөнүн айыл тургундары айтышууда.
«Оору күч алган мезгилде чет өлкөгө бара тургандар бара албай, чет өлкөдөн Кыргызстанга келе албай калышты, анткени чек аралар жабылган болчу. Анын себебинен чет өлкөдө жасалчу операцияларга бара албай калып каза болгондор болду. Мечиттер жабылып, тойлор токтоп, батаалар болбой калды. Жакын адамын өтсө деле көчөдөгү инфекциядан улам бара албай калат экенсиң. Бул оору бир жагынан алып караганда элди ынтымакка чакырды. Оору күчөп кеткенде колунда барлар, күчү жеткендердин баары элге тонналап ундарды таратып, азык түлүктөрдү берип жатты».
Пандемия учурунда айыл тургундарынын турмушу кандай өзгөргөндүгү тууралуу ардактуу эс алуудагы мугалим, Куу-Майдан айылынын тургуну Сурма Капарова менен маек курдук. Бул подкастты төмөндө уга аласыз:
Подкаст: Бири-бирибиз менен алыстан учурашып калдык
Аймончок Кожонова