Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалда Ак-Талаа районунда жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар кандай жардамдар берилди. Мамлекеттик жана райондук администрациясынын резервдик фондусунан, жеке ишкерлерден, эл аралык уюмдардан жана башка демөөрчүлөрдөн азык-түлүк жана акчалай түрүндө ар кандай жардамдарды ала алышты.
Акимдин орун басары Кенже Карагулова:
“Ак-Талаа районунда социалдык паспортко кирген 3 259 үй-бүлө бар. Булардын ичинен өтө жакыр жашаган үй–бүлөлөрдүн саны 1302ни түзсө, жакыр үй –бүлөлөр 1008 түтүн. Ал эми 949 үй-бүлө жакырга жакын катары каттоодо турат. Өзгөчө кырдаалда дээрлик жардамга муктаж бардык үй-бүлөлөргө такталган тизме боюнча жардам берүү аракеттерин көрдүк. Жардамдар мамлекет жана жеке адамдар тарабынан көрсөтүлдү. Ошол эле учурда илдетти алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер мүмкүнчүлүккө жараша азыркы учурда деле уланып жатат”,- дейт.
Барчын Мамытбекова