COVID-19: Ооган-Талаа айылында абал кандай?

23 Ноябрь 2020 жыл 11:49
Количество просмотров: 49

Азыркы учурда Ооган-Талаа айылында абал туруктуу. Бирок октябрь айында илдет кескин түрдө көбөюп, кыйынчылык болду. Бейтаптар үйдөн дарыланып жатышты. 

Кычкылтек концентраторун колдонуу учуру

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айылдык кеңештин депутаттары дем алдыруучу 1 аппарат, Москвадагы миграцияда жүргөн Ооган-Талаа айылынын балдары 1 аппарат, Базар-Коргон районунун «Базар-Коргон коому» фондунан 1 аппарат, 1970-жылкылар 1 аппарат, жалпысынан 5 аппарат жардам иретинде алып берилген.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, жалпы Ооган-Талаа эли ыраазычылык билдирип, аппараттар элдин өмүрүн сактоодо жардамы тийип жатат.

Улуу мээрман Хадича Жумабаева

 

«Мен Хадича Жумабаева ооруканада иштегениме быйыл 45 жыл болуп калды. Мен улуу мээрман болуп иштеймин. Азыр биздин имарат өтө начар, авариялык абалда. Пандемия башталып салынып жаткан жаңы ооруканабыз да токтоп калды. Бөлмөлөр суук от жагып жатабыз, эки мешке от жагып коёбуз. Ооруп келген жарандарды кабыл алып, керектүү көрсөтмөлөрдү беребиз.

Бизде Ооган-Талаа айылы боюнча 15 адам үйүндө дарыланышты. Ооруканага жаткан оорулуулар дагы болду. Азыр 15 адамдын баары айыгып, ошолордун бардыгын биз үйүндө дары берип айыктырып карадык. Биз атайын коргонуучу кийимдерди кийип оорулууларга барып жатканбыз, бизге өтө оор болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна дем алдыруучу аппараттарды беришти. Демөөрчүлөргө абдан ыраазы болдук. Элин ойлоп жерин ойлоп, алыс жерде жашаган тургундарыбыз туугандарыбызга, ата-энелерибизге деп ушул аппаратты алып беришкенине чоң рахмат айтып кетемин.

Азыркы учурда жасалма дем алдыруучу аппарат 5 бейтапка коюлган.

Биз аппараттардын баарын үйлөрүнө алып барып койгонбуз, күнүгө 2 сааттан дем алгандар дагы бар.

Базар-Коргон районунан бизге жардам берип атышат. Дары-дармектерибиз баардыгы жеткиликтүү, жаш балдарга чоңдорго керек болгон дарыларыбыз бар. Отун көмүр менен камсыз болгонбуз. Азыркы убакытта Ооган-Талаа, Правда, Чарбак, Кызыл-Суу, Магал дагы бизге карайт, дем алдыруучу концентратор керек болсо алып барып, коюп беребиз.  Азыр кичине пневмония болгондор азайып калды».

Пенсионер Жапар Чотиев үйүндө эки дем алдыруучу аппаратта дарыланууда:

Дем алдыруу концентраторунда жаткан бейтап

 

«Мен Ооган-Талаа айылынын тургуну Кубанычбек Чотиев. Мен 1975 жылы туулгам. Атам пандемия болуп ооруп калды, кошумча дем алдыруучу концентратор керек болуп үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылдым. Анан депутаттар, балдардын жардамы менен айылга Россиядан  жөнөтүлгөн концентратор атамдын өмүрүн сактап калды.

Атамдын ооруганына 20 күндөн ашып калды. Биздин врачтар жакшы карап жатышат. Түндөсү десе түндөсү, күндүзү десе күндүзү келип көрсөтмөлөрдү берип, дары-дармектерин берип, бардыгын жакшы карап жатышат. Биз аппарат алганыбызга 15 күн болуп калды. Ушул аппаратын жардамы менен атам өз өмүрүн сактап жатабыз», -деди Чотуев.

Ооган-Талаадагы күндүзгү стационар

Күндүзгү стационар С. Далбаев мектебинин спорт залына даярдалып, керебеттер коюлуп, талапка жооп берилгендей кылып даярдалган.  Бирок кайрылгандардын саны аз болгондуктан, күндүзгү стационарга жатышкан жок.

Ушул тапта дарыгерлер жетишпей, оорулуулар көп болуп, сезондук грипп, башка оорулар менен кайрылгандарга 2-3 врач араң жетишип жатат дейт медайым.

Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алды
Аймээрим Саитжанова, Ширин Маратбекова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь