Барскоон: Босогого кыш келгенде баалардын ѳсүшү тоскоол жаратууда

4 Декабрь 2020 жыл 9:38
Количество просмотров: 47

Элет жеринде күндүн суукташы айыл тургундарына бир топ түйшүк жаратты. Мындан тышкары, кѳмүрдүн кымбат болуусунан улам жергиликтүү тургундардын кѳпчүлүгү кышка даяр эмес.

Жылдагыга караганда быйыл кар эрте түшкѳнүн жергиликтүү тургундар билдирип ѳтүштү. Жылда бул убакта кѳмүрдүн баасы 3500 сомдон 4000 миң сомго чейин эле болчу. Ал эми быйыл кѳмүрдүн алгачкы баасы 4200 сомдон баштап жогорулаганын айыл тургуну Үркүнбаев Үсѳнгул билдирди.

Айыл тургуну Үркүнбаев Үсѳнгул

«Жылда суук кечирээк түшчү эле быйыл эмнегедир эрте түштү. Ал аз келгенсип таш кѳмүрдүн да баасы ѳтѳ жогору болууда.

4200 сомдон баштап 5500 сомго чейин кѳтѳрүлдү. Тонналап кѳмүр алган айыл тургундары быйыл ѳлчѳп эле алып калдык. Акча маселеси кендирди кесип жатпайбы. Ал эми ѳкмѳт башчыларыбыз элдин кѳйгѳйүн чечүүнүн ордуна шайлоо менен алек болуп отурушат. Минтип таажы вирусу да чыгып алма, картошкаларыбыздын баасы чыкпай калды. Мен ѳзүм быйыл бир эле тонна кѳмүр алдым. Калганын да кѳрѳ жатарбыз ал түгѳнсѳ».

Covid-19 илдети Кыргызстандын жарандарын бир топ тунгуюкка салды. Карантин учурунда жумуштардын баары токтоп, соода менен алек болгон жарандарыбыз да кыйналышты. Элде акча жок болуп калган учурлар да кѳп кездешти. Таажы илдети күч алган учурда элдер алган кредиттерин тѳлѳй албай карызга белчесинен баткандар канча.

Тапкан бир аз акчаларын карыздарына, кредитке тѳлѳп үйдѳ тамак-аш алууга мүмкүнчүлүктѳрү жок үй-бүлѳлѳр четинен кезигет. Босогого кыш кирип келгенде, элет жериндегилер баалардын ѳсүшүнѳ нааразы экенин айыл тургуну Аскар Акилов тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:

Айыл тургуну Аскар Акилов

«Айыл жеринде иштейин десең иш жок, акча табуу маселеси жаралат. Эптеп бир иш таап тыйын таап келип кредитке тѳлѳйбүз. Ашканын тамак-аш алабыз. Оору башталгандан бери тамак-аш да бир кыйла кымбаттады. Отун алайын десен ага дагы акча керек. Быйыл бардыгы кымбат болууда. Мен быйыл отун да, таш кѳмүр да ала алган жокмун. Светти колдонойун десең ал дагы 700 киловаттан ѳткѳндѳн кийин 2сом 16 тыйын болуп кетет экен. Мен аны да тѳлѳй алганга шартым жок».

Таажы илдети жайылып күч алган учурдан баштап жер-жерлерде тамак-аштын күнүмдүк керектелүүчү чарба буюмдарынын бардыгы кымбаттай баштаган. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн бир топ тоскоолдуктарды алып келди. Айрыкча тамак-аштын кымбатташы элди ачарчылыкка алып келүүсү мүмкүн экендигин да айтылууда. Азык-түлүктѳр канчалык деңгээлде кымбаттагандыгы туралуу жергиликтүү «Замандаш» дүкѳнүнүн сатуучусу Майрамкүл Сааданбекова айтып берди.

«Замандаш» дүкѳнүнүн сатуучусу Майрамкүл Сааданбекова

«Covid-19 илдети күч алгандан бери тамак-аштар да кымбаттай баштады. Негизинен ун азыктар, суу май, шекердин баалары кѳтѳрүлдү. Бул азыктардын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири складдарда запастардын жоктугу. Чет жактардан келген товарлардын токтотулушу да себеп болууда. Азыр соода жокко эсе болуп калды. Кѳпчүлүк тургундар карызга жазылып кетишүүдѳ. Себеби элдин акчасы жок».

Элет жеринде жашаган тургундардын кышка даярдыгы алсыз экенин тургундар айтышат. Буга себепкер таш кѳмүрдүн кымбат болуусу. Ѳкмѳт бул кѳйгѳйлѳргѳ маани берүүсү керектиги айтылууда.

 

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь