Айылдык оорукана кышка даяр эмес

1 Октябрь 2020 жыл 8:31
Количество просмотров: 81

Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл аймагындагы айылдык оорукана кышка даяр эмес. Кышка карата 15 тонна көмүр түшүрүлгөнү менен үстүнөн тамчы тамат жана имараттын ичи толук жылыбайт.

Оорукананын дубалдарынан тамчы тамат

Кара-Ой айылыныдагы оорукана

Оорукана учурда 10 койкалуу

 

Оорукананын от казаны

Оорукананын жетекчиси Гүлмира Маткеримованын айтканына караганда дарыгер ооруканага келип иштеген 2007-жылдан бери эле имараттын чатыранан суу тамат.

Солдон оңго: Эмил Алымкулов облус башчысы, Гүлмира Маткеримова айылдык оорукананын жетекчиси жана Сейтек Кулубаев район башчысы

Бул айылдык оорукана алгач колхоздо төрөт үйү катары курулган. Тийиштүү адистиктеги дарыгердин жоктугуна байланыштуу төрөт үйү жабылып, оорукана болгон. Кышкысын 4 гана бөлмө жылыйт.

Салтанат Султанова ҮДТ-7 улуу мед.айымы (солдон биринчи)

Ал эми ҮДТ-7 улуу мед.айымы Салтанат Султанова: “Пандемия учурунда ооруканада күнүгө 30 дай кишини кабыл алып, жардам көрсөтүп жаттык. Негизи коңшу турган айылдын жашоочулары дагы ушул жерге келип көрүнүшөт”,- дейт.

Оорукананын жылуулук системасын оңдоо үчүн айыл тургундары каражат жагынан жардам беришкен. Жакынкы арада оңдоп-түзөө иштери башталарын айыл өкмөт башчысы Алмаз Кулов билдирди.

Облус башчысы Эмил Алымкулов,район жетекчиси Сейтек Кулубаев Кара-Ой айылындагы оорукана жамааты менен

Айылдык оорукананын кемчиликтерин баса белгилеп, облус башчысы 10-октябрга чейин бүткөрүүнү жергиликтүү жетекчилерге тапшырды.

Акталаа аймактык ооруканасында «кызыл зона» режими сакталуу турат
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь