Ак-Талаа районунда белгилүү дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы өмүрүнүн акырына чейин өзү иштеген ооруканага орнотулуп, дарыгерди эскерүү иш-чарасы болду.
Мемориалдык тактанын ачылышы жана дарыгерди эскерүүгө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, хирург К. Карагуловдун үй-бүлөсү, туугандары, кесиптештери, замандаштары жана достору катышты. Эскерүү кеченин жүрүшүндө маркумга багышталып куран окулуп, аза күтүлдү.
Андан соң, келген өкүлдөр хирург К.Карагуловдун ишмердүүлүгү, кулк-мүнөзү, бейтаптарга кылган мамилеси, жаштарга үйрөткөн акыл-насааттары туурасында эскерүүлөрүн айтып өтүштү.
Карагулов Кубанычбек Жумагулович 1965-жылы 14-августта Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында төрөлгөн.
1972-1983-жылдары М.В.Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде, 1983-1989-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институттунун дарылоо иши бөлүмүндө билимин жогорулатып, дарыгер адистигин алган. 1989-1990-жылдары Нарын облусттук ооруканасында хирургия бөлүмүндө интернатурасын өтөп, дарыгер-хирург кесибине ээ болот.
1990-1992-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасында дарыгер хирург, 1992-1994-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасында хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы, 1994-2006-жылдары Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасында башкы дарыгердин орун басары, 2003-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин врач-хирург болуп үзүрлүү эмгектенген.
2006-2011-жылдары Чүй облусунун дарылоо борборунун диагностика бөлүмүнүн бөлүм башчысы, 2011-2013-жылдары Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын директору, 2013-2017-жылдары хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы, 2017-жылдан баштап ден соолугуна байланыштуу өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Ак-Талаа райондук борборлоштурулган ооруканасында жогорку категориядагы дарыгер- хирург, дарыгер-узист жана дарыгер-рентгенолог болуп иштеген.
Дарыгерлик кесиби менен бирге үлгүлүү үй-бүлөнү кура алган К.Карагулов 3 уулдун камкор атасы. Ал, 2020-жылдын 7-июль күнү COVID-19 илдети жана эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.
Наргиза Ырысбекова