Тогуз- Торо: Учурда балдардын саламаттыгы кандай?

6 Декабрь 2020 жыл 20:24
Количество просмотров: 83

Оорунун жай мезгилдегиден айырмачылыгы экинчи толкунда женил өтүүдө, башкача айтканда бейтаптар жеңил түрү менен ооруп, үй шартында дарыланышууда. Окуучулар арасында оору катталган жок. Бүгүнкү күнгө жалпы 62 учур болду.

Бул туурасында Тогуз-Торо райондагы санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова төмөнкүлөрдү билдирди.

Райондук оперативдүү штабдын N 42 чечиминин негизинде 2020-жылдын 11-ноябрынан тартып 14 жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуу процесси салттуу түрдө жүргүзүлүп баштаган. Макмал, А.Абдраимов орто мектептеринде 1,5,9,11-класстары , ал эми калган мектептерде 1-11- класстын окуучуларына окуу- тарбия процессин салттуу түрдө жүргүзүүгө уруксат берилген.

Макмал орто мектебинин мугалимдери окуучуларды кабыл алууда

КР Өкмөтунун 11.05.20- жылдагы чыккан N244 — токтомунун негизинде мектептерде коронавирус оорусун жайылуу тобокелдигин азайтуу максатында санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер Алгоритми сакталуусу шарт.

Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борбору эскертет:
Оорунун жайылуусун алдын алууда ар бир жарандын өзүнүн жана үй-бүлөө, жакындарынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү экендигин эскертүү менен маска тагынуу, көпчүлүккө барбоого чакырып кетебиз. Сак болгула!

Эпидемиологиялык абал кандай
Райондо эпидемия учурунда жалпы 56 оору катталган, каза болгондор 3 учур катталган. Пневмония оорусу 89 учур, каза болгондор 5 учур катталган. Сентябрь, октябрь айларында оору катталган эмес. Коронавирус оорусунун экинчи толкуну ноябрь айында башталып, жалпы 6 учур катталган, аялдар 3, эркектер 3.

Пандемия шарттарында мектепте бир күн видеоролиги даярдалды
 

Анара Мааметова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь