Элет жеринде пандемия учурунда кышка даярдык кандай болду?

27 Декабрь 2020 жыл 12:29
Количество просмотров: 53

Кыш мезгилинин биринчи айы дагы аяктайын деп калды. Быйылкы жыл, мурунку жылдарга салыштырмалуу бардык тармактарда өзгөрүүлөр байкалды. Пандемия учурунда Кочкор районундагы Чолпон айылында кышка даярдык кандай деңгээлде болду?

Кочкор районундагы Чолпон айылынын айыл өкмөтү Алайбек Карбозов:

Алайбек Карбозов

Алайбек Карбозов

«Жылдагыдай эле быйылкы жылы дагы кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлдү. Айылдык ооруканалар, мектеп көмүр менен камсыз болгон. Айыл жергесинде жашаган, жергиликтүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колунда бар ишкерлер менен сүйлөшүп, аз-аздан болсо дагы жардам берип жатабыз. Быйылкы жылы көмүрдүн баасы мурунку жылдарга салыштырмалуу 200-300 сомго кымбатыраак болуп жатат. Көмүр жетиштүү  айылга келип жатат.»

Дамира Мусаева

«Айыл тургундары кыш мезгилине алдын-ала даярдыктарды көрүшкөн. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу  кышка камылга көрүү мезгилинде дагы пандемия таасирин тийгизди. Анткени жумушсуздук күч алды. Анын кесепетинен айрым үй-бүлөлөрдө көмүр алганга каражат жетишпеген учурлар кездешти. Негизинен, жалпылап айтканда быйылкы жылы бардык тармактарда кыйынчылыктар болду».

Тукенай Бактыгулова

«Быйылкы 2020-жылы кыш эрте түштү. Биздин айылдын 70-80%  тургундары көмүр менен камсыз болушту. Быйылкы жылы пандемиянын кесепети дүйнө жүзүнө тийди. Ошондуктан кышка камылга көрүүдө кыйынчылыктар кездешпей койгон жок».

Кочкор районунда 2 мультимедиа борбор ачуу үчүн жабдуулар тапшырылды

Перизат Таштанова, Айтурган Замирбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь