Пандемияда жардам берген мигранттарга ыраазычылык кат берилди

23 Январь 2021 жыл 21:22
Количество просмотров: 199

Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы Россия Федерациясында эмгектенген Жаңы- Жердик уул-кыздарына ыраазычылык кат тапшырды. Мекендештер пандемия күч алганда көрсөткөн колдоосу үчүн жана айылдаштарынын ар бир жаранынын ден-соолугуна кам көрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Сүрөттө; (оңдон солду карай) Айылдык кенештин төрагасы Аскар Бердигулов, ортодо Россиянын москва шаарында көп жылдан бери эмгектенген Жакшылык Молдокулов, сол тараптагы Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов

Жаны-Жер айылынын чет өлкөдө эмгектенген уул-кыздары, айыл элиние жардам катары дайыма салымын кошуп келишет. Быйылкы жылы жай айларында айылда оору көбөйүп бара жаткан учурда, айылдык ооруканада даярдыктар жетишсиз болгон. Айыл эли “Тез жардам” унаасы бузук болгондуктан жаңы унаа сатып алууга акча чогултуп башташкан. Ошол учурда алыста жүрүшсө дагы айылдаштарын ойлогон уул-кыздар акча которуп жиберишкен.

Жаңы-Жер айылдык ооруканасына, элдин жардамы менен алынган «Тез жардам » унаасы

Бул боюнча айылдык кеңештин төрагасы Аскарбек Бердигулов айтып берди:

«Жайында оору күч алганда өзүмдүн кызматтык милдетим катары, айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Таджибаевге өзү барып жолуктум. Ал учурда айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов өзү ооруп ооруканага түшүп калган. Ага чейин Шухрат Таджибаевди айыл өкмөткө чогулушка чакырганыбызда даярдык аз деген. Ооруканага күндүзгү стационар ачалы, эмнелер жетишсиз, кандай кемчиликтер бар деген сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Жогорку Кеңештин депуттаттыгына талапкер болгон адамдар аркылуу көптөгөн жардамдар келген. Бирок “Тез жардам” унаасына каражат жетишпегендиктен айыл актвисттеринен турган өзүнчө топ түзүлдү. Айыл тургундарына жарыя кылып, акча чогултуу үчүн 27 адам иштеп, 19 күндүн ичинде “Тез жардам” унаасын сатып алдык. Ошол унааны сатып алууга биздин айылдын Россияда жүргөн уул- кыздарыбыз да салымын кошту. Андан сырткары, Америкада жүргөн Жерге-Талдык жигиттер акча салган экен. Гафур деген активист жигит 2 концентратор тапшырып кетти».

 

Жаңы-Жер айылынын уулу, Россияда көп жылдан бери эмгектенген Жакшылык Молдокулов өзүнүн Facebook баракчасына төмөнкүчө жазган:

Жакшылык Молдокулов, айылдагы  иш- чараларда салымын кошуп келет.

Сиздер менен жакшы жаңылыкты бөлүшкүм келди. Жаңы Жер айылынын өкмөт башчысы Мирлан иним менен айылдык кеңештин төрөгасы Аскарбек байке чакырып ыраазылык катын тапшырышты. Сиздерге чоң рахмат айтып, алыскы чет жерде иштеп жүргөн Жаңы-Жерлик мекендештердин атынан ыраазычылык билдирем. Иштериңиздерге ийгилик, ар дайым эл үчүн кызмат кылып элдин алкышына татый беришиңиздерге тилектешмин.

Бул ыраазычылык кат чет жакта эмгектенип жүргөн бардык Жаңы-Жерлик жердештеримдики. Жаңы-Жер айылында жетишкендиктерди айтып кетпесем да болбос. Мирлан иним айыл өкмөт башчы болуп келгени көп өзгөрүүлөр болгонун байкадым.

1.Мисалы илгерки караңгы көчөлөр жок,баардыгы десем жаңылам көпчүлүгүнө жол чырак илинип жапжарык баскын эле келет.
2.Андан тышкары больницага баруучу жолдун тамтыгы чыгып канча жылдан бери оңдолгон эмес. Ал жол асфальт төшөлүп зымырайт.
3.Кийим тигүүчү ишкана ачылып 30ка жакын адам иш менен камсыз болуптур.
4.Сейил бак тегерете тосулуп ,ортосунда жайгашкан айкелдин айланасы оңдолуптур
5.Эскилиги жеткен суу түтүктөрү бир аздан алмашып атыптыр.
6.Бала бакча ачылып ишке кириптир.
7.Жакында эле Коопсуз айыл долбоордун негизинде
айылдын ичине жети жерге видео көзөмөл орнолтулду.
8.Таштандыны ар кайсы жерге төкпөстөн, азыр көчөмө көчө кыдырып чогултуп алып кетишет экен.
Азда болсо Жаңы-Жер айылы үчүн чоң жетишкендик.
Мурунку айыл өкмөт башчыларына салыштырмалуу жакшы иштерди жасаптыр. Эмне демекчимин, Мирлан иним жан дили менен элим үчүн иштейин деген аракети жакты.

Бирок буга чейин Жакшылык Молдокулов, айыл өкмөт тарабына мигранттар унутта калат деп ошол эле Facebook баракчасына жазган посту бар болуучу:
Ишине ийгилик.
Айтпайын дейсиң бирок айтышка туура келди. Кыргызстандын капчыгын көпчүлүгүн Кумтөр алтын кени андан кийин эле байкуш каражанын карч уруп, өмүрүн тобокелге салып чет жерде иштеп жүргөн мигранттар толтурат. Жыл аягында өкмөт отчетун бергенде мигранттардан ой мынча акча келди экономикабызга салым кошуп атышат деп айтышат. Ал мигранттар ал акчаны оңой менен эле табышпай канчалаган майдай тер канчалаган мээнет кетет. Үстүнөн караган чоңдордун үстөмдүгүн айтпаса да белгилүү.

Мен муну менен эмнени айткым келди Жаңы- Жер айыл өкмөтү чакан кече уюштуруп бир жылдан бери иш чараларга катышкан активистерди, баатыр энелерди, аксакалдар сотун жана депутаттарды дагы ж б-ды чакырып сыйын көргөзүп мактоо баракчасын тапшырыптыр. Кашайып баягы эле мигранттар унутта калыптыр. Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкондо жакшы, бир барак мактоо баракчасына арзыбаган байкуш мигранттар экенбиз. Негизи мигрант болуп иштеп жүргөн Жаңы Жер айылын тургундары бардык иш чараларга активдүү катышчу элек. Сыйына ыраазыбыз бир барак мактоо баракчасын берип койсо төбөбүз көккө жетип жетине албай калат болчубуз. Кучубүзгө- күч, демибизге- дем кошулуп чарчаганыбызды сезбей иштеп калмакпыз. #жөнэлеоюмдуайттым.

Айыл эли, Жаны-Жер айылындагы өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү болуучу ушундай уул-кыздарга ыраазычылык айтууда.

Турсун Омуралиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь