Лицейдин бүтүрүүчүсү окуучуларга азык- түлүк алып келди

22 Февраль 2021 жыл 13:09
Количество просмотров: 126

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү Дастан Эрмекбаев жатаканада жашаган окуучулардын тамак ашына, жардам катары азык- түлүк алып келди. Окуу жайдын коллективи мындай күтүлбөгөн жардамга ыраазычылыктарын билдиришип, сүйүнүчтөрү чексиз.

Бул маалыматты аталган окуу жайдын эсепчиси Гүлбарчын Алиева билдирди:

Гүлбарчын Алиева №43 Кесиптик лицейде көп жылдан бери эсепчи болуп эмгектенет

«Биздин лицейдин жатаканасында 130 окуучу жашайт. Алыскы айыл аймактарынан келген окуучуларга 3 маал ысык тамак берилет. Бирок бөлүнгөн азык түлүк ченелүү гана. Биздин лицейдин жамааты окуучуларга берилген тамак- аштын сапатын жакшыртып камсыздоодо ар кандай жолдорду изденишет.

Жаз келгенден баштап бош турган жер тилкелерди калтырбай жер жемиштин түрүн эгип, кышка кам көрүп ороого сактайбыз. Ороо толгон болсо жашылча жемиштерди кургатуу ыкмасы менен камдап алабыз.

Болбосо, мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн 30 (отуз) сом акча менен бир баланын курсагын бир сутка тойгузуу эч мүмкүн эмес. Электр энергиясына чектөө коюлгандыктан, окуучуларга берилүүчү тамак- ашты кадимки очоктордо даярдоого туура келет. Отунду болсо жазында айлана тегеректеги бак дарактарды бутоодо жыйнап алабыз.

Кесиптик лицейдин жамааты азык түлүк толтурулган унаа келип ашкананын алдына токтогондо көчмө базар экен деп ойлошкон.

Ал эми бүгүн Дастан Эрмекбаев аркылуу келген жардам биз үчүн күтүүсүз эле, аябай кубандык. Биз үчүн бул чон жардам. Быйылкы пандемиядан улам өлкөдө кризистик баалар бизге да таасирин тийгизбей койгон жок. Азык түлук базарда кымбат, ал эми ансыз да оору күчөп жатканда, окуучулардын тамак ашын күчтөп бербесек болбойт.

Дастан Эрмекбаев

Дастан Эрмекбаев өзү бизде окуп кеткен, өз ыктыяры менен келип жардам берди. Биздин окуучулар арасында майып жетим, томолой жетим болдар дагы бар, ошол балдарга кылган чоң соопчулук иш деп айтат элем. Дастандай элине, жерине күйгөн уулдарыбыз көбөйө берсин», -деди эсепчи.

Кесиптик лицейдин окуучулары сүйүнгөндөрүнөн, кол кабыш кылышты

Келген азык түлүктүн баардыгы кампага киргизилди

Быйыл өсүмдүк майына болгон баанын кескин өсүшүнөн улам, ашканада мүмкүн болушунча үнөмдөйбүз. Бул келген өсүмдүк майы көпкө жетет.

Дастан Эрмекбаев мурда №43 Кесиптик лицейдин жатаканасында жашап, “Туристтерди коштоочу” кесибинде окуган. Ал өз ыктыяры менен келип, азык- түлүк толтурулган унааны өзү айдап келген. Андан жардамды кайдан жана кимден келгендигин сураганда үнсүз гана жылмайып, жооп бербестен кетип калган.

Сокулук районунда жардам акциясы болуп өттү
Турсун Омуралиева, Рамиль Кеңешов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь