Кесиптик билим берүүдө дистанттык окутууну жайылтуу керек

15 Ноябрь 2020 жыл 13:51
Количество просмотров: 81

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин базасына, Кочкор районунда жайгашкан №15 Кесиптик лицейдин мугалимдери дистанттык окутууну уюштуруу үчүн тажрыйба алмашышты.

Өлкөдө таажы илдетинин күчөп кетиши, кесиптик билим берүү тармагына да көйгөйлөрдү жаратты.

Учурда онлайн режиминде кесиптик билим алган окуучуларга сапаттуу билим берүү жолун кесиптик лицейлердин жетекчилери уюштурууда.  Ал үчүн дистанттык окутуу технологиясын өндүрүштүк окутуунун устаттарына бөлүшүү жана жайылтуу үчүн атайын жолугушуулар болду.

Сүрөттө кесиптик лицейлердин мугалим мастерлери

Окуу методикалык иштер боюнча директордун орун басары Асира Назарматова лицейде окутулуучу кесиптер жана окуу программасынын мазмуну тууралуу баяндама кылды:

«Биздин кесиптик лицейде өлкөбүздүн жети дубанынан келип окушат. Быйылкы жылы тапшырган окуучулардын өңү-түсүн өзүбүз да көрө элекпиз. Окуучулар арасында мүмкүнчүлүгү чектелген майып жетим балдар да бар. Алар көбүнчөсү Моловодное айылынан. Аларга тапшырмаларды устаты өзү жеткирип берип турат».

Келген кесиптештерге тигуучу кесибинин устаты Нургүл Абылкасымова мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу кыздарды тигүүчүлүк кесипке окутуу методикасын айтып берди.

Усулдук көрсөтмөлөр, мугалимдин окуу пландары, окутуу методикасы дистанттык окутууда учет- отчет кагаздары менен тааныштыруу.

УПК нын максаты, милдеттери, аткарып жаткан иштери тууралуу УПКнын жетекчиси Асыл Базарова коллегаларга айтып берди

Улуу мастер Сажида Садабаева таза үрөөн алуу үчүн өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын көргөзүүдө.

Бул жолугушуу кесиптик лицейлердин мугалим мастерлери үчүн  натыйжалуу болду. Өзгөчө айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттарын окутууда керектүү маалыматтарды жана тажрыйба алмашууга үйрөндүк дешти.

 

Айчолпон Омуралиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь