Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы айылдык ооруканага Бишкек шаарында эмгектенген уул-кыздар дагы колдоо көрсөтүп жатышат. Аты- жөнүн көмүскөгө сактап, ачыкка чыгарбоону суранышкан эки жаш ишкер мырзалар айылдык ооруканага COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптарга керектүү дары-дармектерди алып келишти.
Бул ишкерлер айылдагы жаш ыктыярчылардын чакыруусу аркылуу Замирбек кызы Акмарал менен байланышып, жардамдарын беришти.
Алынып келинген дары-дармектерди айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Тажибаев өзү кабыл алып, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди:
«Биздин айылда элди ойлогон азаматтарыбыз бар экенине мен аябай кубандым. Биздин айыл жаштары ушундай ынтымакта, биримдикте, биргеликте иш алып бара турган болсо, анда биз бул кырдаалдан оңой чыгып кетебиз деген ишенимдемин. Жаштардын аракети, көрсөткөн жардамы биздей өмүр сакчыларына дем-күч берип колдоп турат».
«Биринчи жардам жаштардан» тобундагы жаш ыктыярчылардын иш- аракеттеринде жылыш болуп, айылдык ооруканага түшкөн алгачкы жардамга кубанышып, мындан ары чет өлкөлөрдө эмгектенген айылдаштардан кайрымдуулук кылуу боюнча иш алып барууну пландашууда. Кайдыгер карабаган жаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз деди Замирбек кызы Акмарал.
Аймактардагы көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу кеңири окуңуз.
Айчолпон Өмүрзакова