Кыйын кырдаалда Кыргызстандын жети облусунун айылы, шаары дебестен кайрымдуулук кылып элдерге керектүү дары-дармектерди тараткан белгилүү ырчы Анжелика Суусамыр айылынын дарыгерлерине эң керектүү болгон Клексан, Гепарин препараттарын, бир даана кычкылтек концентраторун жана СИЗ костюмдарын келип тапшырды.
Анжеликанын жеке атынан Суусамырдагы 5 айылга бир уй берилип, анын 20 кг сулпу эти кызыл зонада иштеген медкызметкерлерге, ал эми калганы айылыбыздагы аз-камсыз болгон үй-булөөлөргө бөлүнүп берилди.
Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Адилет Рыскулбеков өз мойнуна алып ырчыны тосуп алды:
“Анча-мынча эркектер кылбаган ишти кылып, элибизге кайрымдуулук кылайын деп Анжелика эжекебиз аз-камсыз үй-бүлөлөр ысык шорпо ичип калсын деп уйду курманчылык кылды. Дем алдыруучу аппарат, дары-дармектерди тапшырып кетти. Аллахым кайрымдуулук кылган инсаныбызга берекесин берсин жана ыраазычылык билдирем. Элдерибиз ушу балээден жеңил өтүп кетели, журтумда аманчылык, тынччылык болсун.”
Суусамыр айылынын тургуну Асел Жусупбекова да ыраазычылыгын айта кетти:
“Суусамыр жергесине атайын Анжелика келди. Бизге кычкылтек концентратор, азыр табылбай жаткан Клексан дарысын, антиботик, кызыл зонада иштеп жаткан биздин дарыгерлерге атайын ушул каражаттарды берди. Ал эми анын жардамчысы биздин жердешибиз Кызыл Ойлук Зинура Каныбековна эжекебизге биринчиден ыраазычылык айта кетсем, ошондой эле бул иштерди уюштурган, бардыгын өз даректерине жеткирген инсандарыбыз айылдык депутат Адилет Рыскулбеков, Чеңкилова Тилек, Бегимай Бейшенбаева анын жолдошуна терең ыраазычылык билдирем. Анжелика апасы экөө, бардык иштерин таштап Суусамыр айылына келгенине терең ыраазычылык. Ар бир кайдыгер карабай кайрымдуулук кылган инсандарыбызга чоң рахмат билдирем. Ал эми Суусамыр элине өз калемине таандык “АйымStyle” деген китепти белекке берди. Биз дагы жөн кетирбестен айылыбыздын атынан ыраазычылык катары белек берип узаттык.”
Уюштуруучулардын бири Бегимай Бейшенбаева менен маектешкенде буларды айтты:
“Жердешибиз Зинура Толтоева эжебиз ушундай кайрымдуулук кылып ар кандай фонддор менен иштешет, ошондой эле Анжелика менен байланыштары бар экен, ошол эжекебиз аркылуу келди. Азыркы кырдаалга жараша керектүү каражаттарды алып келип тапшырды. Бүгүн курмандыкка чалынган уйдун этин беш айылдагы аз-камсыз үй-бүлөлөргө таркатып келдик, медкызматкерлерге дагы 20 кг эт бөлүнгөн. Уюштуруп берген Зинура Каныбековнага чоң рахмат айтам.”
Суусамыр айыл аймагынын өкмөт башчысы Урмат Отунчиев жергиликтүү элдин атынан ырчы Анжеликага ыраазычылыгын билдирди:
“Ушундай апааттан аман-эсен чыгып кетели,сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз. Үй-бүлөңүз менен ар дайым аман-эсен болуңуздар, кыргыздын чыгаан кыздарынын бирисиң ар дайым ден соолукта бол, элиңе ар дайым кызмат кылып жүрө бер.”
Суусамыр айылдык ооруканасына 4 кычкылтек концентратору келди
Элизат Санжырбек кызы