Муктаж үй- бүлөлөргө көмүр жана кийим-кече таратылды

25 Ноябрь 2020 жыл 15:17
Количество просмотров: 64

Пандемия учурунда муктаж үй- бүлөлөргө көмүр, кийим-кече бекер таратылды. Бул демилге Суусамыр айыл аймагында туулуп -өскөн Сыргак Келдибеков жана “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинген.

Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын тургуну, активист айым Нурзат Райымбекова билдирди:

Суусамыр айылынын тургуну Нурзат Райымбекова

“Арабдар 5 жылдан бери Суусамыр айылына көмүр, кийим-кечеден жардам берип келишет. Быйыл муктаж адамдарга 150 тонна көмүр таратылды. Мындан тышкары, муктаж болгон жаш балдарга кийим-кече, жууркан дагы берилди. Бул демилгени Суусамыр айыл аймагынын жараны Сыргак Келдибеков, “Ас-сафа”кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинди”-дейт айыл тургуну.

Муктаж адамдарга кийим-кече, көмүр таратылды

 

Пандемияга байланыштуу жаш балдар келе алышпай, кийим-кечени ата-энелери алып кетишти

 

Эскерте кетсек, буга чейин Суусамыр өрөөнүнүн имамы Мирбек Казаковтун айтымында “Ас Салам” кайрымдуулук фонду тарабынын Суусамыр элине жардам катары 9 камаз көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй- бүлөлөргө таратылып берилген.

 

Айдана Токтобекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь