Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.
Акцияга айылдык ден соолук комитетинин жетекчилери мугалимдер окуучулар жана Суусамыр айылдык оорукана кызматкерлери катышышты. Акцияда ден-соолукту чыңдоо максатында физикалык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн күнүмдүк жасалуучу көнүгүүлөр аткарылды.

Акциянын жүрүшү мугалимдер окуучулар.
Акциянын аягында катышуучуларга кофе-тыныгуу уюштурулду.

Акциянын катышуучулары.

Оорукана кызматкерлери

Акциянын катышуучулары
Акциянын жүрүшү тууралуу Суусамыр айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариева төмөнкүлөрдү билдирди:

Суусамыр айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариева
«7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата ден-соолугубузду чыңдоо үчүн жана сергек жашоо максатында кунунө көнүгүлөрдү жасоону адатка айландыруу үчүн ушул акцияны уюштурдук. Эң жакшы демилгелерибиз мекемелер арасында спорт оюндары менен мелдешүүгө чакырышты».
Азиза Тамчиева