Айылдагы мектептерде салттуу окуу башталгандан бери окуучуларга беткапты 2 саатта алмаштырып туруу талабы күч. Вирустан коргоочу медициналык бет каптарды ар дайым тагынып жүрүү кышкы суукта бууланып, ички бети суу болуп көйгөй жаратып жатат. Өзгөчө суук аба-ырайында ным бет капты тагынып жүрүү тамак ооруларына да алып келип жатканын айтышат мектеп окуучулары.
Ошондой эле сыртта бууланып, тоңо түшкөн бет каптар дем алууда да кыйынчылык жаратып жатат дешет.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн мектептеринде эпидемиологиялык абал туруктуу. Билим алуу салттуу түргө өткөндөн бери окуучулар арасында мезгилдик сасык тумоого чалдыккандар болбосо, коронавирус белгилери аныкталган окуучулар жокко эсе.
Бул тууралуу Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Мырзабек кызы Айзат билдирди:
«Анткен менен илдеттин алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралар дале болсо күчүндө. Окуучулардын ден соолугу тыкыр көзөмөлдөнүп, сасык тумоо белгилери байкалган балдарды үй карантинине алып, ооруну таркатып жибербеш үчүн мектепке келтирбөө аракеттери толугу менен көрүлүп жатат».
Мектептерде эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болсо, билим алуу жыл соңуна чейин офлайн режимде уланат. Ал эми илдеттен сактануу үчүн окуучулардын, башка санитардык эрежелерди так сактоо менен бирге, ар дайым бет кап тагынып жүрүүсү эң негизги талаптардын бири. Учурда аталган аймакта эч кандай бет кап тартыштыгы жок.
Ата-энелер медициналык бет каптарды өрөөндүн борборундагы дарыканадан, же болбосо айылдык ФАП тардан сатып ала алышат. Окууга бет капсыз келген окуучуларга болсо, мектеп жетекчилиги тарабынан медициналык бет каптар таратылып турат. Бул үчүн айыл өкмөтүнөн жана райондон атайын бет каптар бөлүнгөн.
Айылдык ФАП тын мед айымы Элмира Койчукееванын айтымында ным болуп калган бет капты узак убакыт тагынып жүрүү ден- соолук үчүн кооптуу. Себеби, суукта бууланган бет кап аз убакытта эле тоңуп калат. Бул абал окуучуларды түрдүү ооруларга чалдыктырышы ыктымал.
Ошондуктан, медициналык бир жолу колдонулуучу бет каптарды жайында 2 саатта бир алмаштырып туруу керектелсе, кышкысын ар бир саат сайын которуп туруу кажет.
Бет капты жөн эле тагынып жүрүү эмес, аны туура колдонгондо гана вирустан сактана алабыз. Медициналык бет каптарды каалагандай пайдалана берүү илдеттен коргонууга эч кандай жардамчы боло албайт.
Мисалга, бет капты тагынганда атайын зым өткөрүлгөн тарабы мурундун үстүнө келиши керек болсо, аны чечип жаткан учурда өтө этияттап, колду алдыңкы бетине тийгизип алуудан сактануу керек. Ошондой эле, медициналык бир жолу колдонулуучу бет каптарды бир гана жолу пайдаланууга уруксат берилет. Андан кийин үйгө же көчөгө ташталбастан дароо өрттөлүүгө тийиш.
Бул боюнча айылдык дарыгерлер, мектеп мугалимдери менен чогуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Ооруканага келген бейтаптарга да медициналык каражаттарды туура колдонуу боюнча маалыматтар берилип тураарын белгилейт дарыгерлер.
Бул нерселерден ата-энелердин кабары болсо да, айрымдары бир жолу колдонулуучу бет каптарды жууп, үтүктөп, бир канча ирет колдонууга мажбур. Анткени, медициналык бет каптын баасы он сом гана делгени менен ар бир баласын эки саат сайын жаңы бет кап менен камсыздап турууга көпчүлүк ата-эненин мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Бул себептен бет каптарды жууп колдонуудан башка айла жок.
«Айылда бет каптын медициналык бир жолу пайдаланылуучу түрүн эле колдонуп жатабыз. Аны деле эки саат сайын чечип, которуп колдонгонго шартыбыз жок. Үйдөн эле жууп коюп жатам»,-дейт айыл тургуну.
Ал эми айылдагы айрым ата-энелер балдарына кадимки кездемеден гана бет кап тигип берип жатканын айтышса, кээ бирлер тигүүчүлөрдүн колунан чыккан бет каптарды колдонуп жатышканын белгилешет.
Буга чейин социалдык тармактарда жөнөкөй кездемеден жасалган бет каптар вирустан коргой албастыгы тууралуу маалыматтар чыгып келген.
«Бирок, ал беткаптарды да туура колдонуп, учурунда алмаштырып турса кайсы бир деңгээлде илдеттен сактанууга жардам берет»,-деп белгилейт айылдык дарыгер Элмира Койчукеева.
Жанбулат Жумабеков