Ноокат районуна караштуу Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам автоунаасы белекке берилди. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу Кеңеш айыл аймагын тейлейт.
Жаңы тез жардам автоунаасыБул тез жардам автоунаасы Кеңеш айыл аймагынын элине жана медицина кызматкерлеринин күнүнѳ карата Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тарабынан белекке берилди.
Андан тышкары, Ноокат райондук администрациясынан, айыл ѳкмѳтү тарабынан, медицина кызматкерлерине ардак грамота, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
№9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызынын айтымында мурун бир эле тез жардам автоунаасы болгон:
“Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ мурун бир эле кичинекей тез жардам автоунаасы бар болчу. Ал менен тейлегенге жетишпей калчубуз. Эми болсо экѳѳ болду”,-деп билдирди.
Белгилей кетсек, азырынча жаңы автоунаанын документтери бүтѳ электигине байланыштуу ишке киргизиле элек.
Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ күндүзгү стационар иштеп баштады
Аймончок Кожонова