Талас: Ак халатчандарга камкордук

3 Декабрь 2020 жыл 8:05
Количество просмотров: 43

Өлкөдө коронавирус инфекциясынын алдын алуу, ооруну токтотуу боюнча канчалык аракеттер жасалганы менен COVID-19 илдети күч алууда. Коронавирус жуккан жаңы учурлар күн санап катталып, пневмония дартына чалдыккандардын саны өсүп жаткан учур.


Ооруга чалдыккандарды дарылагандар 14 күндүк мөөнөттө обсервацияларда жаткырылып, ал эми күндүзгү стационарда иштеген дарыгерлер тобу оорунун жеңил түрү менен ооругандарды дарылап жатышат. Ошондой эле мобилдик бригадада иштегендер үйдө карантинде жаткандарды, илдеттин белгиси байкалбай, бирок ПЦР тесттен оору аныкталган бейтаптарды үйүндө карап, кеп-кеңеш берип, 118-линиясы менен кайрылгандарга барышууда.

Мобилдик бригаданын кызматкерлери

Талас шаарында бүгүнкү күндө “Ак Бешик” №15 бала бакчанын базасында ачылган күндүзгү стационар иштеп жатат.
«Стационарда бейтаптар үчүн 20 койка коюлган. Бакчанын экинчи кабаты таза зона, мында врачтар эс алышат. Иштегендер үчүн кир жуугуч машина, жуунуучу жай, санузелдер орнотулуп берилген. Тамак-ашы МЧС тарабынан ар бир 14 күн сайын берилип турат, мындан тышкары күндүзгү стационарда иштеп жаткан медиктердин тамак-ашын күчтөндүрүү үчүн дагы кошумча азык-түлүктөрдү алып берип жатабыз», -деп билдирди шаар мэри Айдар Жузупбеков.

«Мэрия тарабынан күндүзгү стационарда иштеп жаткан врачтарга, медиктерге жакшы камкордуктар көрүлдү. Үч маал ысык тамак берилет. Кем-карчыбызды толуктап берип турушат. Негизинен күндүзгү стационарда бир мобилдик бригада 14 күн иштемек, бирок медиктер жетишпегендиктен 21 күн иштейбиз.

Обсервацияда дагы 8 күнгө чейин жатабыз, ошондо биз 28 күн үйдө болбойбуз», -деп мобилдик топто иштөө жайын айтты врач Айнур Мыктыбекова.

Күндүзгү стационарда саат таңкы 8ден кечки 20.00го чейин иштеген медиктерге үч маал ысык тамагын даярдап берген ашпозчу Элмира Мамбетакунова мындай дейт:
«МЧС тарабынан 14 күн сайын керектүү азык-түлүк берилет. Мындан тышкары, Талас шаардык мэриясы дагы бизге керектүү азык-түлүктөр менен камсыздап берет. Врачтардын тамак-ашын жакшы даярдап берүүгө аракет кылабыз. Эртең мененкисин ысык май токоч, сүт ботко, самсы, шорпо берсек, түштө бешбармак, манты, оромо даярдайбыз. Кечки тамагын да түрлөп жасап, салат менен берип турабыз».

Стационарларда эмгектенген дарыгерлерге азык-түлүк жардамдары байма бай көрсөтүлүүдө

Ал эми Талас шаарындагы №9 “Буратино” балдар бакчасынын бир бөлүмүнө Талас шаарын кыдырып иштеген мобилдик топ жайгашса, бакчанын экинчи бөлүгүндө обсервация жайгаштырылган.

Учурда обсервацияда күндүзгү стационарда жана облустук ооруканада кызыл зонада иштеген врачтар, медиктер жатышат. Обсервация жылуу, тамак-ашы жакшы экенин мында жаткан медиктер айтышууда.

«Мурда обсервация жана мобилдик бригада түнөөчү жай дагы “Интурист” мейманканасына жайгашкан. Кыш түшкөндөн бери жылытуу системалары бузулган мейманканада жатуу медиктерге оор болду. Обсервация бала бакчага көчүрүлүп, учурда медиктер да обсервацияда жаткандар дагы жылуу бөлмөлөргө жайгаштырылды. Мобилдик топ дагы ушул бакчанын бир бөлүгүнө жатып иштешүүдө. Мобилдик бригаданын тамак-ашына мэрия тараптан акчалай каражат бөлүнгөн. Медиктерге, обсервация, күндүзгү стационардын жана мобилдик топтун иштешине Талас шаардык мэриясы жакшы шарт түзүп берди»,-дейт Талас облустук үй- бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Кыял Карагулова.

 

Көз доктур: «Бейтаптарга социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп айтабыз»

Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь