Коронавирус илдети Талас облусундагы бир катар курулуш иштеринин кечеңдешине себепкер болду. Алсак, Манас районундагы Үч-Коргон айылындагы Газы Малаев атындагы мектеп 2020-жылы окуу жылына салынып бүтүп, ишке берилмек. Бирок быйыл дагы мектептин курулуш иши аяктабай калды.
Аталган мектеп 1928-жылы 80 орунга ылайыкталып салынган. 92 жашка толгон бир кылымдык мектеп 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен салына баштаган. Эки кабаттуу 150 орундуу жаңы мектептин сметалык наркы 49 миллион сомду түзгөн.
Тендерден утуп алган Бишкек шаарындагы “Бек” курулуш компаниясы арадан беш жыл убакыт өтсө да курулуш компаниясына акча бөлүнүп бөлүнбөй мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган бойдон турат.
Үстүбүздөгү жылы курулуш иши аяктап, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилмек. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу мектеп быйыл дагы бүтпөй калды.
«Жаңы салынып жаткан мектеп эрте бүтсө жакшы болмок, себеби эски мектепке 300гө жакын окуучуну 2 смен менен окутуп эптеп билим берип келгенбиз. Жаңы мектеп 150 орундуу болуп салынууда. Эски мектепке быйыл 92 жыл толду, 80 окуучуга гана ылайыкталып салынган мектеп»,- деди мектеп директору Марина Исакулова.
Ал эми Талас шарындагы №15 “Ак Бешик” балдар бакчасы дагы быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүлмөк. Эшик, айнектери да жаңыртылмак.
Тилекке каршы пандемиянын кесепетинен бакчага жасала турган ремонт иши кийинки жылга калтырылганын бакчанын башчысы Салтанат Камчыбекова билдирди.
Талас: Ак халатчандарга камкордук
Мира Сейдикеримова