Өзгөчө абал учурунда балдардын ден- соолугунун начарлоосунун алдын алуу максатында кандай иш чаралар болуп жатат

22 Июль 2020 жыл 20:37
Количество просмотров: 127

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери айрым балдардын иммундук жетишүүсүн текшерүү максатында бир нече балдардан анализдерди алды. Бул иш- чаранын негизги максаты өзгөчө пандемия учурунда ден- соолугунда көйгөйү бар балдарга алдын ала жардам берүү.

         Медицина кызматкеринин анализ алып жаткан учуру

Ноокат райондук Медигос медициналык борборуна караштуу Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы медайымы Сабирова Минажаттын билдирүүсүнө караганда: «Медигостун буйругуна ылайык 41 баладан анализ алуу тапшырылды. 0-9 жашка чейинки 22 баладан, 10-19 жашка 14 баладан, 20-44 жашка чейинки 5 адамдан жалпы 41 адамдан анализ алынып жатат. Негизинен ден соолугуна байланыштуу каттоодо турган иммунитети төмөн адамдардан алууга аракет жасадык. Себеби балдар сентябрь айынан аралыктан окуп калуусу ыктымал. Эгер мектептер ачылып, балдар мектепте окуй баштаса алардын ден соолугуна ата-энелер тарабынан көзөмөл көрсөтүлүшү керек. Ошол себептен жаштары дал келген балдардан анализдери алынды. Бирок балдар санитердык гигиеналык эрежелерди сактап, өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугун сактоо үчун атайын мектеп мугалимдери жана медицина кызматкерлери тарабынан эскертүүлөр берилди. Балдар аралыкты сактоо эрежелерин сактап анализ тапшырып кетишти.

Анализ тапшыруу үчүн келген балдардын аралыкты сактап кезек күтүп жаткан учуру

Анализ Ош шаарында натыйжалары 15 күн аралыгында чыгып келет. Айта кетчүү нерсе бул анализдер негизинен акы төлөнүүчү, бирок ушул 41 кишиден акысыз алынды. Анализдер чыкса ошого карата жыйынтыктарын ата-энелерине жеткирип, дарыгердин көрсөтмөсүнө таянып, даарылатат деп ойлойм»,- деп билдирди.

Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы медайымы Сабирова Минажат

 

Аудио: Карантин учурунда кош бойлуу аялдардын абалын ким көзөмөлдөдү
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь