Ак-Талаа районундагы 300 гө чейин окуучусу бар 10 орто мектеп 7-декабрдан бери салттуу режимде, ал эми калган 8 мектепте окутуу экинчи алгоритм менен жүргүзүлүп келген. 3-чейректе райондогу бардык мектептер окутуунун салттуу формасына өтөт.
Бул маалыматты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди: “Бүгүн райондук штабда окуучуларды толук окутуу боюнча чечим кабыл алынды. Райондогу эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгондуктан жана окутуу башталгандан бери мектептерде окуучулардын саламаттыгында кооптуу учурлар катталбагандыктан 11-январда окутуу салттуу режимде башталат. Ал эми шайлоо участкасы болгон мектептер бул кунү толугу менен дезинфекцияланат. Мына ушуга байланыштуу айрым мектептерде окуучулар 12-январда келишет”.
Ал эми бала бакчалар февраль айынан иштеши мүмкүн. Анткени азыр кыш чилде, сасык тумоонун күчөп турган кези болгондуктан илдет күчөп кетпесин деген максатта бала бакчалардын иштөөсүн жылдырып жатканын кошумчалады Каныбек Эсеналиев.
Акталаалык окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүп жатат?
Барчын Мамытбекова