Видео: «Вирустун моралдык соккусун жакшы маанай менен жеңебиз»

29 Июль 2020 жыл 13:13
Количество просмотров: 74

Карантинге карабай ар дайым көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылган үй- бүлө. Ар дайым жакшы жакты ойлонуп, илдетти жеңебиз деп үмүт кылып, күндөрүн жакшы өткөрүшөт.

Ар дайым көңүлүн көтөрүп, өзүн алып жүргөн айыл тургуну Дамира Мадемилова:

«Биздин үй бүлөдө жолдошум экөөбүздүн үч уулубуз бар жана алардын балдары биздин неберелерден тогуз. Төртөө кыз бешөө эркек небере. Мына карантин учурунда неберелеримди үйдө карап багып жатам. Телевизордо деле коронавирус. Радиодо деле пандемия, курч кырдаал деп, бизге окшогон жашы өтүп калган адамдарга абдан эле оор кабыл алынат экен, моралдык жактан сокку болуп жатты. Айла жок, акыбалга баш ийдик бирок өзүм абдан позитивдүү адаммын. Неберелерим менен ырдап бийлеп, көңүл ачып балдарыма бардык апалар каалаган жакшы тарбиямды, колдон келген тамак ашты жасап берем. Мен азыр эртең мененки тамагына кашанын түрүн жасайм, түшкүсүнө эт салып, шорпо берип, жупка жасап берем. Салаттын түрлөрүн да жасап турам, неберелерим жеп, ден- соолуктарынын чың болушун каалайм. Неберелерим менен бактылуубуз. Негизинен эле биз балдарым кышында келишсе тоого чыгып чана тээп, жайда келсе, көлгө түшүп, жайлоого эс алдырып алар менен чогуу биз да эс алып, абдан активдүү үй- бүлөбүз десем жаңылышпайм. Жолдошум Зарыл да абдан камкор ата Кудайга шүгүр биз бактылуубуз. Учурдагы илдетке каршы да көп адамдар чөгүп кетти мындай айтканда чүнчүп, биздин үй- бүлөдөй көңүлүңүздөрдү көтөрүп, жакшы жакты ойлонсок, бул илдетти да жеңебиз демекчимин»,- деп сөзүн аяктады Дамира Мадемилова.

Дамира Мадемилованын жолдошу жана неберелери менен

 

Неберелери менен зоопаркта

Айылдагы аялдардын илдетке байланыштуу ой- санаасы көбөйдү
Гүлназ Жумагулова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь