Айыл тургундары жергиликтүү ФАПка концентратор жана дарыларды алып келишти

28 Июль 2020 жыл 12:52
Количество просмотров: 69

1-Май айылынын тургундары демилге көтөрүп, жергиликтүү ФАПка 1 кычкылтек концентраторун, 2 небулайзер жана керектүү дары-дармектерди алып келип тапшырышты.

Жергиликтүү ФАПка жардамга келген дары-дармектер

 

Кычкылтек концентратору

Кененирээк 1-Май айылынын депутаты Муканбет Койчукеев токтолду:

Муканбет Койчукеев жергиликтүү кеңештин депутаты

«Биздин 1-Май айылга дем алдыруучу аппараттан бирди, ингаляция жасай турган кичи аппараттан экини алдырдык. Бул 1-Май айылынын тургундарынын демилгеси менен акча чогулду. Чет жакта, Россияда жүргөн жаш балдардан өйдө акча салышты. Ошол чогулган акчага керектүү аппараттарды, дары- дармектерди алып келип тапшырдык. Бул жердеги 2 ингалятор аппаратын 1-Май айылынын тургуну Карыбаев Нурболот өздүк чөнтөгүнөн чыгарып алып келди. Айылда жакшы жаш балдар бар экен, Россиядан 1500-4500сомдон которуп жатышты. Бул аппараттарды кыйналбайлы деген максатта алдык, себеби, Суусамыр айылына чейин алыс, кээ бири унаа таппай калат экен. Ошол себептен жергиликтүү эл кыйналбасын деген максат болду. 2-3 күн мурун өткөргөнбүз, бүгүн башкы врачтар келип, кантип иштетиш керек ошолор тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти. Кудай сактасын оорудан оолак бололу!»

Балдарды ингаляция кылуу үчүн 2 ингалятор берилди

Жергиликтүү ФАПка башкы врачтар келип, медайымдарга кантип колдонуларын түшүндүрүп, ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Арзымат Шейшеев

«Азыр 1-Майдагы жергиликтүү ФАПтабыз. 1-Май эли акча каражат чогултуп, аппраттарды медайымдарга таршырышыптыр. Биздин Айылдык ден соолук объектинде иштеген кызматкерлерге, айылдык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, Суусамыр ооруканасынын дарыгерлери тарабынан дайындалып жазылган дарылар менен дарыланса болот. Дарыга муктаж болгон адамдарга өзгөчө жардам бул дары дармек болчу, толук кандуу камсыз кылып беришти. Рахмат айтабыз. Андан тышкары эң керектүү кычкылтек концентраторун дагы алып келишти, ага кошумча дагы небулайзер деп коёт, ошондон 2 аппарат баардыгы 3 аппарат алып келишти. Айыл тургундары биринчи тез жардамды ушул жерден көрсөтүп алса болот. Азыр медайымдарга окутуп, үйрөтүп, кайсы учурда, кандай абалда, оорулуу адамга кандай тез жардам көрсөтүү керектиги түшүндүрүлдү”,- дейт башкы дарыгер Арзымат Шейшеев.

Айыл тургундары дагы ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Алардын бири Фарида Артыкбаева мындай деди:

Айыл тургундарынын кубанычында чек жок. Алардын бири Фарида Артыкбаева.

«Жалпы элге 1-Май айыл тургундарынын бардыгына ыраазычылык билдирип кетем. Элдин демилгеси менен чогулган акчага аппарат алып келип жатат. Андан тышкары, бул жерден чоңоюп кеткен уулубуз Нурболот өзүнүн акчасына 2 аппарат алып келип берди. Рахмат балдарга!Элдер оорубасын.»

Суусамыр айылдык ооруканасына Кушубаковдордун үй- бүлөсүнүн атынан тез жардам унаасы белекке берилди

Суусамыр айылдык ооруканасына 4 кычкылтек концентратору келди
Толгонай Самудинова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь