Пандемия учурундагы айыл тургундарынын жашоо турмушу

2 Август 2020 жыл 10:17
Количество просмотров: 91

«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй- бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче биз буга туруштук бердик».

Айыл тургуну балдарына карагаттан кыям жасап жаткан учуру

Тасма айылынын тургуну Элмира Садабаеванын айтуусу боюнча:
«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй- бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче, биз буга туруштук бердик. Карантинде үйдө бош отурбастан кыздарым менен кызыктуу жумуштарды жасап баштадык. Жумушка алаксып вирусту дагы унутуп, өзүбүздү бош алып жүрдүк. Жолдошум балам менен сырткы короо жай менен алек болду. Мен кыздарым менен карагат, малина терип балдарыма кыям жасап бердим, карагатта С витамини көп болот эмеспи, ошондой эле кампот жаптык, муздак суунун ордун кайнак суу менен жасалганы кампот балдарыма пайдалуу.

Мындан сырткары, үй ичинен кыздарыма сайма сайганды жана түрдүү тамак-аштарды жасаганды үйрөттүм. Балдарым бир маал отурушуп жазуу жазып, китеп окуп, гүл жасап ар түрдүү кызыктуу иштерге алаксышат. Ошентип карантинде жолдошум экөөбүз убактыларыбызды балдарыбыз менен өткөрдүк»,- деп билдирди.

Элмира Саадабаева кыздары менен жасаган иштери

 

Элмира Саадабаеванын балдары менен окуган китептери

11-классынын окуучусу Темирова Назминин айтуусунда:
«Вирус жүрүп жаткандыгына байланыштуу карантинде үйдө бош олтура бербей ар түрдүү гүлдөрдү жана башка нерселерди көп жасадым жана үйгө гүл өстүрүп, апамдан сайма сайганды дагы үйрөндүм. Өзүм дагы гүлдөргө аябай жакынмын. Өзүм үйрөнгөндөрдү сиңдилериме дагы үйрөттүм.Көбүнчө апама жардам берип жаттым. Карантинде үй- бүлөм менен көптөгөн кызыктуу күндөрдү өткөрдүм».

Карантинде бош отурбастан сабак окуп жаткан учуру

 

Назми Темированын кол өнөрчүлүгү

Бардык нерсенин кадырын билдирген жыл
Видео: «Вирустун моралдык соккусун жакшы маанай менен жеңебиз»
Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь