Учурдагы пандемияга каршы демөөрчүлөрдүн демилгеси менен карапайым эл да жардам колун сунууда

2 Август 2020 жыл 9:08
Количество просмотров: 31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар  COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу уул кыздары да бул демилгени колдоп, жардам беришүүдө. 

Чогулуштан кийинки жыйындын катышуучулары

 

КР ЖК нын депутаты Махабат Мавлянова маалымат берип жаткан учуру

«Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 ооруканасынын башкы дарыгери Абдуллаев Азим бир нече жолу бизге кайрылуу жасаган. Кулатов аймагында вирус жуктуруп алган адамдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу даары дармектердин жетишсиздигинен улам бир нече жолу бизге кайрылуу жасаган. Бирок айыл тургундары карап турбастан тиешелүү жардамдарды берип жатышты. Берилип жаткан жардамдар окшош болуп, кайталанып жаткандыктан Анарбаев Маматжан экөөбүз берилип жаткан акчалай жардамдарды ооруканада жок, эл муктаж болгон медициналык техникаларды алууну ойлоп, ушул демилгегни көтөрдүк.

Бүгүнкү кичи жыйыныбызга оорукананын башкы дарыгери Абдуллаев Азим, айыл өкмөт башчысы Мадимаров Нурдин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тажрыйбалуу дарыгерлер, комиссия мүчөлөрү менен биргеликте сүйлөшүп, жакшы чечимге келдик. Ооруканада жок рентген, УЗИ, анализатор медициналык жабдык жок болгондуктан айыл тургундары башка жакка барып кезек күтуп, кыйналышат. Ошол себептен ушул жабдыктарды ооруканага алып берүүнү чечтик. Оорукананын ремонт иштерин да акча жетсе кылып берүүнү суйлөштүк»,- деп билдирди Махабат Мавлянова.

Демилгелүү топ менен оорукананын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтегилер жыйын өткөрүп жаткан учур

Депутат өз эсебинен 1 050 000 сом суммасында жардам көрсөттү
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь