Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

2 Август 2020 жыл 9:36
Количество просмотров: 49

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана башка нерселер алынды.

ФАПка алынган шейшеп жана матрастар

 

Алынган буюдарды ФАПтын жетекчиси кѳрсѳтүүдѳ

ФАПка алынган электр плитасы

Мындан сырткары айылдын 1992-жылы туулган балдары тарабынан ФАПтын жылытуу системасына керектелүүчү материалдарды алып бере турган болушуп, ал эми Канат, Канимет Роман уулу акысыз орнотуп бермей болушту.

ФАПтын жылытуу системасын орнотуу боюнча сүйлѳшүү иштери жүрүп жатат

Дүйнѳ жүзүндѳ болуп жаткан кырдаалга байланыштуу медицина тармагы элге эң жакын тармак болгондуктан аларга керектелүүчү ар кандай жардам кѳрсѳтүлүп жаткандыгын имам хатиби Нурмухаммад Исаков билдирди:

имам хатиби Нурмухаммад Исаков

«Айыл балдары колдорунан келишинчи жардам беришүүдѳ. Элдин саламаттыгы, ѳмүрү үчүн ѳтѳ чоң салымдарын кошуп жатышат. Россиядагы, айылдагы жардам кылган бардык балдарыбызга ата-энелерине Аллах ѳмүрлѳрүн, ырыскыларына берекелүү кылган болсун» — дейт имам хатиби.

 

Россияда иштеген жердештер Кеңеш айыл аймагына жардам кѳрсѳтүштү
Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь