Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кантип ѳткѳрүп жатышат?

14 Август 2020 жыл 12:21
Количество просмотров: 69

Дүйнѳнү каптаган коронавирус инфекциясына байланыштуу 2019-2020- окуу жылынын аягында 4-чейрек аралыктан окутуу менен аяктап, мектеп окуучулары жайкы эс алууга тараган. Эс алууну кантип ѳткѳрүп жаткандыктары тууралуу мектеп окуучуларынан сурап кѳрдүк.

Балдардын баары быйылкы жылы жайкы эс алууда лагерлерге бара албай калышкандыгын, эс алууну үйлѳрүндѳ ата-энелерине жардам берип ѳткѳрүп жатышкандыгын билдиришти.

Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин окуучусу Сумая Сабырова жайкы эс алуунун башында пандемияга байланыштуу үйүнѳн чыкпай апасына үй иштерине жардам бергенин айтты:

Сумая досу менен ойноп жаткан учуру

“Мурда коронавирус болгондо апабыз эшике чыгарбайт эле азыр эми кичине чыгып калдык. Кѳчѳдѳ досторум менен топ, ар кандай оюндарды ойнойбуз. Кичинекей бѳбѳктѳрүм бар аларды да карайм”.

Кѳчѳдѳ балдар сызма сызык оюнун ойноп жатышат

6-класстын окуучусу Алимбек Тѳлѳнов: “Жайкы эс алууда ар жыл сайын мектепке лагерге баратлем быйыл коронавирус болуп калып болгон жок. Азыр үйдѳ арабча китеп окуп, тамгаларды үйрѳнүп жатам”- дейт.

Алимбек Тѳлѳнов, 6-класс

Балдар бассейнден чыгып күнгѳ жылынып жаткан учуру

Медина Козубаева 5-класстын окуучусу, ал жайкы эс алуусун бассейинге түшүү менен жана ошондой эле үйдѳ апасына жардам берүү менен ѳткѳрүп жаткандыгын билдирди.

Медина Козубаева, 5-класс

“Жайкы эс алууну бассейнге түшүп, ата-энеме жардам берип, жомок китептерди окуп ѳткѳрүп жатам. Сказки деген китептеги жомокторду окудум, андан башка Аленький цветочек деген жомокту окудум”-дейт Медина.

Пандемияга байланыштуу бассейнге келгендердин саны аз

Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин соцпедагогу Айгүл Шералиева окуу жылынын аягында окуучуларга каникулду үйдѳ ата-энеси менен биргеликте ѳткѳрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргѳнүн айтты:

Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин соцпедагогу Айгүл Шералиева

Быйылкы окуу жылынын аягында кырдаалга байланыштуу лагер уюштурулуп берилген жок. Жылда лагер уюштурулуп, демѳѳрчүлѳр табылып лагердеги окуучуларды бир күнгѳ ѳзүбүздүн жакшы жерлерге алып барып экскурсия катары кѳрсѳтүп келчүбүз”.

 

Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь