Талас облусунда элет жерлериндеги ФАПтарга, үй бүлөлүк дарыгерлер топторуна шарттар түзүлүүдө. Ушул эле учурда тумоого чалдыккандардын көпчүлүгү айыгып, ооруканаларда орундар бошоп, абал оңолуп келе жатат.
Облус боюнча 1192 адам илдети жуктурган болсо анын 80% айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Илдет башталгандан баштап Кыргызстандагы коомдук уюмдар, фондулар мамлекетке ар тараптуу жардам берип келишет.
Бул жолу облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасына “Сорос- Кыргызстан” фондусунан 1 миллион сомго чамалаган чоң жардам берилди.
— Сорос фондусуна чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Учурда оорунун алды кайтып, айыккандардын саны көбөйүп баратканы менен оор абалда ооруканада дарыланып жаткандар бар. Аларга эң керектүү болгон Эноксапарин, Гепарин, Цефепим, Клексан дары-дармектерин биздин ооруканага тапшырышты, -деди облустук оорукананын жетекчиси Нурдин Усупбеков.
— Бүгүн Сорос фондусунун саламаттыкты сактоо программасы тарабынан кооптуу илдет менен күрөшүүдө эң зарыл керектүү болгон дарыларды Талас облустук ооруканасына тапшырдык, суммасы 907635 сом. Жакынкы аралыкта Сорос фондусу Кыргызстандын аймагындагы баардык ооруканаларга керектүү дары-дармек ж.б. жардамдарды бермекчи, -деп билдирди аталган фонддун саламаттыкты сактоо программасынын координатору Илим Сыдыков.
Талас: Айыл өкмөттүн кабинети стационар болуп, Кара-Буурадан 2 медайым чакыртылды
Мира Сейдикеримова