2020-жылдын март айында башталган пандемия борбордон 1000 чакырым алыстыктагы Сүлүктү шаарынын экономикалык өсүүсүнө, калктын жашоо шартына да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок кыйынчылык учурунда калктын аялуу катмарына, медицина тармагына жана оорулардын алдын- алуу жаатында иштеген мекемелерге кайрымдуу жарандар тарабынан эбегейсиз жардамдар берилип келүүдө.
«2020-жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин Сүлүктү шаарынын жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрүнө жалпысынан бир миллион үч жүз отуз сегиз миң сомдон ашык азык-түлүк продукталары түрүндө жардамдар берилди. Мисалы: «Исмаил ата» коомдук фонду тарабынан- 298 миң сомдук, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов тарабынан- 100 миң сомдук, шаардык Кенештин жаш депутаттары Абдыназаров Нурбектин жана Айтемиров сагындын атынан- 30 миң сомдук, депутат Нурлан Долдошевдин атынан-10 миң сомдук, жеке ишкер Байытов Нуридин тарабынан- 100 миң сомдук азыке түлүк продуктулары менен жардам көрсөттү.
Шаарыбыздагы «Нур», «Ахмат кен», «Ашимбай», «Таш Короо», «БИО», «Ж. Айтматов» жана башка көмүр өндүрүүчү ишканалар да өз салымдарын кошуп, 5 миңден 100 миң сомго чейин жардамдарын берди. Ошондой эле «Нур телеком» жоопкерчилиги чектелген коому 100 миң сомдук, Сүлүктү шаардык билим берүү тармагы 46 миң 700 сомдук жардам берди. Учурда коомчулуктун кайрымдуу Инсандары тарабынан жардамдар уланууда»,- дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Марзия Сапаркулова.
«Өлкөбүздө пандемия башталган учурдан баштап эле кайрымдуу, Ак жүрөк инсандар тарабынан Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна (шаардык оорукана) кычкылтек концентратору, коргонуучу костюмдар, медициналык маска жана башка коронавирус менен күрөшүү үчүн зарыл болгон каражаттар, кала берсе медикаменттер келе баштады. Мисалы, Япония мамлекетинен, Россияда иштеп жаткан жердештерибизден жардамдар көрсөтүлдү. Атап айтсам Сүлүктү шаарынын мэри Р. Абдыназаров баш болгон мэриянын жамааты, Шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаилов баш болуп, шаардык Кенештин депутаттары, шаардык милиция кызматкерлери, Кыргыз Почтасы мамлекеттик ишканасынын Сүлүктү филиалынын жетекчиси Шаимкул Ражапов, шаардык нотариус Максат Бурханов, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун жана №6-орто мектебинин эмгек жамааты жакшы жардам көрсөттү.
Шаарыбыздагы көмүр өндүрүүчү компаниялардан «Сүлүктү шахта курулуш акционердик коому»-жетекчиси Ы. Джураев, жоопкерчилиги чектелген коомдордон «Ак-Тилек» — жетекчиси Н. Джураев, «Ак-Булак көмүр»- жетечиси С. Халбеков, «Нур-кен» жетекчиси З. Шадиев, «Нур»- жетекчиси Н. Абдыназаров, «Сыймык» май куючу станциясы, РСК Банкынын Баткен облустук филиалы- жетекчиси Р. Ибрагимова, «Мол Булак Финанс» компаниясы чын дилден жардам берди. Коомдук уюмдардан «Сүлүктү ынтымак коому», «Сүлүктү кайрымдуу айымдар» тобу жана башка атын атагысы келбеген жарандар жардам берди.
Өзгөчө белгилей турган жагдай, Кыргызстан боюнча иш жүргүзгөн уюмдардан: «Борбордук азиядагы аялдар лигасы», «Элим барсыңбы» уюму, Б. Дооранова жетектеген «Бир дем» коомдук фондорунан биздин мекемеге да жардам келди. Бүгүнкү күндө жардамдар уланууда. Ошондутан жардам берип аты аталбай калган жарандар болсо кийинки сандарда кошуп айтайын, анкени келген жардамдарды катоого алуу, бөлүштүрүү боюнча атайын топ иш жүргүзөт»,- дейт Сүлүтү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Асат Ибрагимов.
«Сүлүктү шаарындагы оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна да пандемия башталгандан бери жардамдар келе баштады. «Сүлүктү кайрымдуу айымдар» тобу 20 даана респиратор, 10 даана коргонуучу щит-экран, 20 даана бир жолу колдонулуучу комбинезон, 100 даана чепчик алып кели п берди. «Сүлүктү жаштары» тобунун атынан 10 даана бир жолу колдонулуучу комбинезон, 2 даана распылитель тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаменти тарабынан көп жолу колдонулуучу коргоочу костюмдан 25 даана, 250 даана респиратор, 110 даана бахила, 310 даана коргоочу көз айнек, 6910 даана маска, 240 даана бир жолу колдонулуучу кол кап берилди»,- дейт Сүлүктү шаарындагы ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Мусуратилла Исканов.
Сүлүктүдө COVID-19 пандемиясы боюнча учурдагы абал тууралуу окуңуз.
Бакытбек Сапаркулов