Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы «Биринчи жардам жаштардан» тобунун жаш ыктыярчылары айыл элинин ой-пикирин чогултуп жатышат. Айылдагы жаштар уюму COVID-19 илдети күч алып өлкөдө коркунучтуу көйгөй жаралган учурда абалды жакшыртууга салым кошууну чечишкен. Ыктыярчылардын бул кадамы айыл активисттери, айылдык депутаттары, аксакалдары үчүн чоң жардам болду.
Айыл лидерлери жыйын өткөрүштү. Бул жыйында айылдагы көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жаш ыктыярчылар Замирбек кызы Акмарал, Омуралиева Айчолпон, Султанбаев Султанбай жыйында айыл тургундарынын пикирлерин кабарлашты.
«Биздин айылда ынтымак биримдикке чакыруу жасаган көптөгөн фонддор ачылды. Бардык фонддордун тилеги бир болуп, чогулган каражатка «Тез жардам» унаасын, рентген, УЗИ аппараттарын сатып алуу жөнүндө талкуу болмокчу».
«Буга чейин айылдык ооруканага «Исмаил-ата» фондунан 250 000 миң сомдук Клексан, Гепарин сыяктуу дары-дармек, дем алдыруучу аппарат, дезинфекциалоочу каражаттар, тосмо айнек бет каптар, СИЗ кийимдери келген. Айылдык ооруканада дары-дармектер жетиштүү»,- деп билдирген башкы дарыгер Тажибаев Шухрат Абдулложанович.
Жаш ыктыярчылар ачкан эсеп счетуна күнүгө демөөрчүлөрдөн акча которулууда.
ЭЛСОМ номери 0554 98 55 55
Чогулган каражат айыл элинин көзөмөлүндө болуп турат. Ар бир келген акча каражаты тизмеге түшүп айыл элинин чечими менен бөлүштүрүлөт.
Жаңы-Жер айылынын жеке ишкерлери дары-дармектерди алып келишти
Айчолпон Өмүралиева