Барскоон айыл аймагында Covid-19 вирусуна элдин даярдыгы жок болгондугу илдет күчөгөндө билинди. Себеби ар түрдүү маалыматтар элди адашууга алып келди. Вирус жѳнүндѳ жана алдын-алуу, дарылануу тууралуу маалыматтар интернет аркылуу тарап элеттиктер вотсап аркылуу келген маалыматтарга ишенип дарылана башташты. Ал жакта маалыматтар такпы же жалганбы карапайым калк аӊдаган жок. Интернет булактарынан алган маалыматтарды укканда абдан коркуу сезим пайда болгондугун айыл тургуну Азамат Сыртбай уулу тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:
«Мен бул оорунун кандай экенине деле кѳп маани берген эмесмин. Үй-бүлѳмдүн кээ бирлери жѳтѳлүп же дене табы кѳтѳрүлүп калса жазгы грипп болуп калган деп ойлогом. Бара-бара элдердин даам сезбей калдым, мурдум жыт сезбей калды дегенинен интернеттен карай баштадым. Себеби мен таксист болуп иштейм. Үй-бүлѳмѳ вирусту жуктуруп албайын деп.
Ал жактан ар кандай маалыматтарды окуп корко да баштадым. Ошол күндѳн тарта санитардык эрежелерди сактоого ѳттүм. Вирустан каза болгон адамдардын санын окуганда ого бетер шок болдум. Пандемия учурунда биздин жакын туугандарыбыз каза болду. Каза болгон байкени доктурдан алып келери менен эле жерге бердик. Аны кѳргѳндѳ үйдѳн да чыккым келбей карантин бүткүчѳктү үйдѳн чыкпай жаттым».
«Ал эми медкызматкерлери интернет булактарынан келген маалыматтар, дарыгерлер берген кеӊештер абдан жакшы жардам бергенин айтышууда. Интернет баракчалардан ар бир адам ѳзүнѳ керектүү гана маалыматтарды таап окуса болот. Мисалы, мен ѳзүмѳ керектүү баракчага катталып вирусту дарылоо боюнча протоколдорду, керектүү дары-дармектердин тизмесин алып ооруган бейтаптарга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жардам бердим»,- дейт Барскоон үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагул Эсеналиева:
«Менин оюмча интернет булктарындагы маалыматтар абдан жакшы жардам берди деп ойлойм. Ал жакта дарыгерлердин ар кандай кеӊештери, түрдүү машыгуу кѳнүгүүлѳрү да жарыяланып турду. Кимде ашык дарылар бар, кимге кисларод керек, кайсы оруканада бош орундар бар экени дагы жарыяланып жатты. Кимге кандай маалымат керек болсо ошону алып колдонду деп ойлойм.
Мындан тышкары, бул жакта такталбаган да маалыматтар берилип жатты. Бирок, элдин кѳпчүлүк бѳлүгү бул маалыматтарга ишенген жок деп айта алам. Себеби паникага алдырышкан жок. Оорунун белгилери билингендер дароо оруканага келип дарыгерлердин кѳрсѳтмѳлѳрүн алып дарыланып турушту».
Элет жериндеги кээ бир улуу муундагы адамдар азыркы күнгѳ чейин деле интернет булактары менен иштери жок. Алар акыркы маалыматтарды теледен же сыналгыдан эле кѳрүп, угуп жатышты. Айыл тургуну Курманбек Мусуралиев Covid-19 илдети боюнча интернеттен тараган маалыматтар кандай таасир тийгизгендиги тууралуу айтып берди:
«Мен интернет эмне экенин деле түшүнѳ бербейм, телевизор болсо эле болду. Кээде радиодон «Азаттыкты» угуп калам. Калган маалыматтарды балдардан угуп жаттым. Алар ата эшикке чыкпаш керек экен десе, эшикке чыкпай үйдѳ отурдум. Эмне жаӊылык болуп атат деп кээде сурап коём. Алар тамак-аш кымбаттап жатыптыр ун, суу май, кесме алыш керек экен деп калышат.
Карантин учурунда ѳлгѳн-житкенге да барып топурак сала албай калдык. Же кошунаӊдыкына кире албайсын, же кѳчѳгѳ чыгып сүйлѳшѳ албайсыӊ. Абдан оор абал болду десем жаӊылышпайм. Эми минтип кичине оору азайгандан кийин кыбырап оокатыбызды кылып жатабыз. Кышка даярдык кѳрүш керек да. Карантин бүткѳнү менен дүкѳндѳрдѳгү баалар дагы деле түшѳ элек. Тескерисинче кайра кымбаттай баштады.
Октябрда экинчи толкуну болот деген имиштер бар. Андан кантип ѳтѳбүз билбейм. Эмитен эле дарыканаларда кээ бир дарылар жок».
Элдин тилеги орундалып илдеттен жабыркагандардын саны азайып баратат. Бирок илдеттин экинчи баскычы октябрь айында башталат деген кабарга, элет жериндегилерде тынчсыздануу пайда болууда.
Айыл тургуну: «Интернеттеги маалыматка ишенип 2-3 кап ун алып сактап алганбыз, бирок эч кандай тартыш болгон жок»
Гүлкайыр Осмоналиева