Акталаада мектептер 1-класстар үчүн билим эшигин ачты

2 Сентябрь 2020 жыл 8:00
Количество просмотров: 79

Бүгүн 1-сентябрда Ак-Талаа районундагы 18 билим берүүчү орто мектепте 1-класстар үчүн салттуу режимде окууну башташты. Билим күнүнө карата эч кандай линейкалар уюшулган жок, бирок бардык мектеп администрациялары, класс жетекчилер окуучуларды салтанат менен тосуп алышты. Ак-Талаа району боюнча 717 окуучу 1-класска барды.

Окуучулар аралыкты сактоого үйрөнүштү        

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде дагы 1-класстарды санитардык нормаларды сактоо менен окуучуларды кабыл алышты. Мектеп директору Астра Токтогулова окуучуларды, ата-энелерди, мугалимдер жамаатын жаңы окуу жылы менен куттуктады. Андан сон ата-энелерге милдеттерин жана окуу тартибин түшүндүрдү.

Салт болуп калгандай коңгуроо кагылып, окуучулар сабакка киришти.

 

Балдардын дене табы текшерилди

Медайым балдардын абалына байкоо жүргүздү

Мектепке кирер алдында кезек менен колдорун антисептик каражаттары менен жууп, атайын бөлүнгөн медайымдын текшерүүсүнөн өтүштү. Окуучулар аралыкты сактоо менен окуу бөлмөлөрүнө жайгаштырылды. Бул күнү биринчи класстарда “Сүйүктүү Кыргызстаным” деген темаларда тарбиялык сааттар өтүлдү.

Окуучулар аралыкты сактап отурушту

«Сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада тарбиялык саат өтүлдү

Ак-Талаа районунун администрация башчысы окуучуларды куттуктады


Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев жана РБББнын башчысы Каныбек Эсеналиев окуу бөлмөлөрдө окуучулар жана мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Ат-Башыда 1- класстын окуучулары  атайын «фильтрден» өтүп окушту.
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь